Алай районунда 4,5 баллга жеткен жер титиреди

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык 2017-жылдын 3-август күнү саат 06:15 чамасында Ош облусунун аймагында очогунда 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Жер титирөө Алай районунун Нура, Иккизяк айылдарында 4 балл, Кара-Киндик, Бор-Дөбө айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар жок.

.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *