Алайда айдоочу унаасы менен жардан кулап кетип каза болду

Ош облусунун Алай районунда айдоочу унаасы менен жардан кулап кетип каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.

Маалыматка карганда, кырсык 28-октябрга караган түнү Ош—Эркеч-Там унаа жолунун 84-чакырымында болгон. Анда Гүлчө айылынын тургуну 56 жаштагы Ш.К өзүнүн “Honda Stream” автоунаасы менен Сары-Таштан айылына бара жаткан учурда рулга ээ боло албай бийиктиги 40- метр келген жардан унаасы менен кулап кеткен. Денесинен оор жаракат алган айдоочу ошол жерден каза болгон.

Учурда Алай РИИБи бул боюнча тиешелүү экспертизаларды дайындап, тактоо, иштерин жүргүзүп жатат.

Булак: Кyrgyztoday

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *