Альбина Имашева, Т.Абдымомунов атындагы академиялык Кыргыз драма театрынын актрисасы: “Белеске кетчү жолум “Беш кемпирден” башталган”

– Чыгармачыл чөйрөгө кантип аралашып калдыңыз эле? Баса, эң алгач «Беш кемпир» кино тасмасында алгачкы ролду жаратыптырсыз?

– Ал кезде мен мектепте 8-класста окуган кыз элем. Ошондо эле мектептеги интермедияларга катышчумун. Бирок, минтип актриса болуп калуу оюмда жок болчу. Алгебра сабагын жакшы окугандыктанбы келечекте бухгалтер болсом деп кыялданып калчумун. Бир жолу сабак өтүп атканбыз, аңгыча эшиктен көп киши кирип келип киного ылайык кыздар-балдарды издеп жүргөнүн айтышты. Анда да ушундагыдай февраль айы болчу, баарыбыз күпчүйүп пальто, курткачан отурганбыз. Анан алар баарыбызды биринчи партадан баштап четинен тургузуп алып, ырдатып бийлетип көрүштү. Биздин класста таланттуулар, чачы узун жакшынакай кыздар да аябагандай көп эле. Кызыгы, мен ошол учурда жаңы эле чачымды кырктырып салгам, чачым эркек баланыкындай кыска болчу. Кезек мага келгенде көпкө имерилип карап: «сиз турсаңыз?»- деди. Турдум. Эсимде, килейген чоң пальтону кийип алгам. «Чечсеңиз» дешти, пальтомду чечтим… Анан өздөрүнчө күбүрөшүп сүрөткө тартып, аты-жөнүмдү жазып кетишти.

-Кастингдин жыйынтыгын чыдамсыздык менен күтсөңүз керек?

– Жо-ок, чынын айтсам мен кастингден өтөм деп ойлогон да эмесмин.

Бир айдан кийин мектептин директору чакыртканынан барсам, баягы режиссёрдун жардамчысы да отурат. «Сени киного тартабыз» дейт. Дароо эле макул, тартылам деп ийиптирмин. Директор мага «өзүң кыз болсоң, ал чөйрөдө эркектер көп жүрөрүн билесиң…» деп ар нерселерди айтып мени айнытууга аракет кылды. Класс жетекчим да каршы болуп, акырында апамдан уруксат сурасак: «Кааласа тартылат, калабаса жок, кызым өзү чечсин» -деген апамдын шар жообун укканда эч кимиси унчуга албай калды.

– Ошондон кийин актриса болом деп кыялданып калдыңыз…?

– Ооба, «Беш кемпирге» тартылгандан кийин кино менен «ооруп» калдым. Ал кезде биздин Кыргызстанда актёрлук кесиптен билим берчү окуу жайлар бар экенин билчү эмеспиз. Апам китепканачы. Бир күнү сүйүнүп гезит көтөрүп келиптир, анда «Б. Бейшеналиева атындагы искусство институт кабыл алат» деп кымындай жарыя берилиптир. «Оо, искусство институту бар турбайбы, ошого тапшыралы» деп апам экөөбүз аябай кубанып шаарга жөнөгөнбүз. Окууга тапшырып жатканымда ал окуу жайдын экзамен-конкурстары канчалык оор болсо да окуга өтүп кеттим. Бир күнү сабак болуп жаткан учур, агай мага «сен киного тартылган турбайсыңбы, эмнеге башында айткан жоксуң? Болгондо да белгилүү киного тартылыптырсың, конкурстан өтпөй калсаң эмне болмок?”- деп калды. А мен ал туурасында айткандан уялып, ал тууралуу кеп да кылган эмесмин. Кийин ал жактан уялганды да, уялбаганды да үйрөттү. Ошентип 2-курста окуп жүргөндө, дагы бир кастинг болуп калды. Ал кастинг Улуттук Кыргыз драма театрына артисттерди алганга экен. Ал конкурстан да өтүп кеттим. Ошондон бери ушул жерде эмгектенип келе жатам.

– Роль жаратып жатканда кандай кыйынчылыктар болот?

– Ар бир ролду жаратып жаткан учурда, ошол образга жан дилиң менен берилип киришиң керек. Сахнага чыкканда күлө турган жери болсо күлүп аткара бересиң, а бирок ошол учурга чейин сахнанын артынан көптөгөн кыйынчылыктарды башыңдан өткөрөсүң…

Карек Токтоналиева
Булак: «Айгай-пресс»

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *