Алга Кылычев Атамбаевге, анын тарапкерлерине каршы көрсөтмө берди

Атамбаевди мактап, жактап, ага укмуш кошомат кылып, 7-8-август окуяларында жанында болгон сайда салмагы жок Алга Кылычев да атамбаевчилер менен кошо камалганы маалым. Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев бүгүнкү күндө тергөөдө Кылычев Атамбаевге каршы көрсөтмө берип, укук коргоо органдары менен кызматташып жатканын айтып чыкты. Ал өз сөзүндө: “Балким, Кылычев тергөөчүлөр менен келишим түзгөн болушу мүмкүн. Ал Атамбаев бийликти басып алууну каалаган. Кундуз Жолдубаева, Амантур Жамгарчиев, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаевдер башаламандык уюштурган “Альфанын” кызматкерлерин туткунга алышкан” – деп көрсөтмө берип жатат деп белгилеген. Кылычев, камала электе эле коомчулукта туруксуз адам катары бааланып келген. Ал Атамбаевге кошомат кылып, “Дан” мамлекеттик ишканасын жетектеп, талапка ылайык иштей албай, иштен алынган.

Булак: «Багыт»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *