Али Токтакунов: “Конституцияга ушундай өзгөртүүнү жактагандар дээрлик “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан”, “Биримдик” партиясынан талапкер депутаттар”

“Конституцияга ушундай өзгөртүүнү жактагандар дээрлик “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан, “Биримдик” партиясынан талапкер депутаттар”. Мындай пикирин бүгүн, 18-ноябрда журналист Али Токтакунов Фейсбук баракчасында билдирди.

Анын айтымында, жаңыланган Конституция туңгуюкка, жаңы революцияларга алып барат.

Конституцияга ушундай өзгөртүүнү жактагандар дээрлик “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан, “Биримдик” партиясынан талапкер депутаттар. Принципсиз, кошоматчы, былжырбай катары тарыхта калгысы, укум-тукумун жер караткысы келет экен. Кут кылсын ошону.

Бул шерменде, сабатсыз парламенттин колу менен Башмыйзам тургай бир барак кат жазганга болбойт! Булардын мээсинде кошоматчылыктан, ошонун арты менен байлыгын көбөйтүп алуу кытмырлыгынан башка эч сапат калган эмес. Түндүк Кореянын конституциясын которуп келсең деле окубай туруп кол коюп кое беришет.

Беш жылдан ашуун убакыттан бери тарпы чыгып, жек көрүндүгө айланган, моралдык да, юридикалык да легитимдүүлүгү жок ушул депутаттарга таянуунун, буларды өнөктөш кылып акыл суроонун өзү шерменделик.

Булар жазган Ханституция бизди туңгуюкка, жаңы революцияларга алып барат! Бир адамдын колуна чексиз бийлик берет, мамлекеттик башкаруунун тең салмактуулугун бузат, сөз эркиндигин муунтат, карапайым калкты коргобойт.

Садыр Жапаров азыр бийликте болбогону менен анын адамдары бийликте. Иш жүзүндө таасири күч адам катары ал дагы мындай кутумдуктан баш тартышы керек. Жекебасар, узурпатор бийликтин арты жакшы бүтпөсү эчен жолу далилденген“, – деп билдирүү жазды журналист Али Токтакунов.

Эскерте кетсек, кечээ 17-ноябрда VI чакырылыштагы парламенттин 80 депутаты тарабынан демилгеленген жаңы Конституциянын долбоору жарыяланып, коомдук талкууга коюлду. Жаңы Конституциянын долбоору коомчулук арасында сынды жаратты.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *