Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Алик Жекшенкулов премьер-министрликке сунушталат
Кызмат-мансап Саясат

Алик Жекшенкулов премьер-министрликке сунушталат

Бүгүн, 10-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтө турган КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын отурумунда КР Премьер-министрлик кызматына Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдун талапкекрдиги сунушталат. Бул тууралу биздин жеке булактар билдирди.

Аликбек Жекшенкулов эч бир партияда жок, нейтралдуу талапкер катары тандалып алынган.

Ал эми Садыр Жапаров бийлик үчүн күрөштөгү каршылашкан тараптардын бири болгондуктан бүгүнкү тирешүүдөн жеңүүчү катары чыгуу менен жаңжалдын очогу болуп кала бериши мүмкүн.

Коомчулукта бул кызматка Узарбек Жылкыбаевдин жана Таалат Масадыковдун ысымдары да айтылууда.

Булак: KyrgyzToday.kg

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт