Муграб кыргыздын жери экенин далилдеген факты чыкты!

1925-жылы май айында РСФСР ББАКтын чечими менен Кара-Кыргыз автономиялуу областынын «кара» деген сөзү алынып, «Кыргыз автономиялуу» областы болуп өзгөргөн. Ошол жылдагы, тактап айтканда, азыркы Кыргызстандын алгачкы түзүлгөн саясий картасы Интернет баракчаларынан ачыкка чыкты. Кызыгы, анда Мургаб (Нуркап) району толугу менен Кыргызстанга карап турат. Бул далил жалпы кыргыз үчүн чоң жаңылык, катылган фактынын чыгышы күтүлбөгөн сүйүнүч болду. Албетте, Мургаб кыргыздын жери экенин «Манас» эпосу баш болгон кыргыздын акыл мурастары, ошондой эле бүгүнкү күнгө чейин өзгөрбөгөн жер аттары, азыркыга дейре кыргыздардын жашап жатышы далилдеп келген. Кийинки Кокон хандыгынын мезгилинде, андан соң Россия падышачылыгынын учурунда Мургаб кыргыз аймагында турганы чындык. Аны тастыктаган саясий карталар бар. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, мына минтип, азыркы Кыргызстандын географиялык аймагы эң алгач түзүлгөн маалда дагы Мургаб Кыргызстанга карап турган экен, ал фактынын бети ачылды. Ооба, бул жерде дароо суроо жаралат, кыргыздын энчисинде турган Мургабды миңдеген гектар жери менен Тажикстанга ким, качан, кандай кызыкчылык менен берген? Бул эми жакынкы күндөрдө ачыкка чыгар, ага чейин  тарыхый жерибизди кайтаруу ишин башташыбыз керек. Чындыктын бетин сыйрыган бул карта менен эми жергиликтүү эл дагы Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылса болот. Биз да жалпы кыргыз жөн жатпашыбыз керек. Андыктан Манас, Акбалта, Чубак Көкөтөй, Бокмурун, Эламан, Эр Төштүк ж.б. бабаларыбыздын мекени деп эсептелген Мургабды кайтаруу ишин баштайлык.

Булак: «Багыт»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *