Алкымы чоң шылуундар чет жактан келген бекер акчаны жеп коё берсе, эртең сокур тыйын да беришпейт

Жаңы окуу жылы башталган менен республикабыздын билим берүү тармагындагы эң башкы көйгөй мектептердин жетишсиздиги экендиги белгилүү. Баарынан да борборубуз Бишкекте балаңды мектепке орноштуруу университетке өткөндөн да кыйын. Кээде акча берсең да албай коюшууда. Ал эми мектеп директорлоруна кирүү, жолугуу дегеле мүмкүн эмес. Бир чети ички миграция, калктын төрөлүү деңгээли жогору дечи. Мамлекет колдон келишинче эле мектептерди салып, бала бакча тартыштыгын жеке ишкерлерге салык жеңилдигин киргизүү менен чечип жаткансыйт. Ошентсе да айрым мамлекеттик органдар бюджеттен бөлүнгөн каражатты кымтып, болгондо да миллиондоп жеп жаткандыгы жагдайды ого бетер татаалдантууда. Жакында Башкы прокуратура тарабынан УКМКнын маалыматынын негизинде Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгына кылмыш иши козголду. Көрсө, бул мекеменин тиешелүү жетекчилери 2015-жылы “Калыс-Ордо” конушуна кытай компаниясы тарабынан мектеп курууга берилген бекер акчаны мэриянын каржы башкармалыгы менен биргеликте кошумча курулуш иштерин жүргүзүү шылтоосу менен 91 млн. 500 миң сомун жалган фирмага которуп жиберген экен. Азырынча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Эгер алкымы чоң шылуундар чет жактан келген бекер акчаны жеп коё берсе, эртең алар сокур тыйын да бербей коюшат го.

Булак: “Майдан.kg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *