Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Алла Пугачева менен ажырашты деген кептерге Максим Галкиндин жообу…
Дүйнө жүзүндө

Алла Пугачева менен ажырашты деген кептерге Максим Галкиндин жообу…

Россиялык шоумен жана теле алып баруучу Максим Галкин ырчы Алла Пугачевадан ажырашканы тууралуу кептерге комментарий берди. Бул тууралуу “Говорит Москва” радиостанциясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Максим Галкин үй-бүлөгө байланыштуу суроого жооп берүүдөн баш тарткан. “Мен эч нерсе дей албайм” – деп гана жооп узаткан.

Буга чейин Интернетте артисттердин үй-бүлөсүндө жаңжал чыккандыгы тууралуу маалыматтар чыккан. Кийинчерээк Алла Пугачеванын пресс-атташеси Елена Чупракова тарабынан четке кагылган. “Андай эч нерсе болгон эмес” – деп жооп берген ал.

Максим Галкин менен Алла Пугачева 2011-жылы баш кошушкан. Жубайлар Лиза жана Гарри аттуу эки баланы тарбиялап келишет.

Япониядагы кыргыз элчиси Мирлан Арстанбаев «Санариптик коомду илгерилетүү» уюмунун төрагасы Сожи Сузуки менен жолугушту

Япониядагы круиздик лайнердеги карантин аяктады

Япониядагы круиздик кемедеги кыргызстандыктан коронавирус табылды