“Алмамбет Салиев – коррупцияга каршы күрөшүүнүн генералы”

Президенттик аппарат жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев тууралуу акыркы кезде саясый элитада ар кандай сөздөр айтылууда. Коомчулукка көп чыкпаган, бирок таасирдүү саясаттын агымында бараткан фигуралар боюнча түрдүү жоромолдор айтылбай койбойт эмеспи. Биз жаңы өсүп келе жаткан жаш кадр боюнча калыс маанидеги пикирлерди берүүгө бел байлап, эл көзүндөгү инсандарга суроо салдык.

Даир Кенекеев, «Учкун» ААКсынын башкы директору:

– Мен ңегизи Алмамбет Салиевди жакындан тааныбайт элем. Бирок, бир курдай өкмөттө вице-премьер-министр болуп иштеп турганда жумуш аркылуу бир-эки маселе менен чогуу болгонбуз. Ошондо анын жаштыгына карабай иш билги, компетенттүү, образдуу салыштырып айтканда, алыска чуркай алчу аргымактай адис катары бааладым. Ал киши жөнүндө ушул кезге чейин жаман пикир уга элекмин. Жүгү оор кызматта иштеп жатат, ийгилик гана каалайм. Кыргыздын тирикарак, тың, чыйрак жигити катары бийиктиктерди багындырып, кыргыз элибизге дагы да бел чечпей кызмат кылып берерине ишенем.

Марлен Маматалиев, ЖК депутаты:

– Алмамбет Салиев бүгүнкүдөй бийиктиктерге төмөнтөн жогору көздөй өсүп отуруп жеткен экен. Мамлекеттик башкарууда, өзгөчө бийликте мындай кадрлар аз. Андыктан, мамлекеттик кызматтын эң төмөнкү тепкичтерин тээ региондордон бери ырааттуу басып келе жаткан ишмер катары ал баарын түшүнөт. Негизгиси өсүп келе жатат, келечеги кең. Дал ушундай жаштар башкаруу бутактарыбызга аралашып, келиши керек.

Бакыт Бакетаев, саясый серепчи:

– Алмамбет Салиев жаштыгына карабай дасыккан жетекчи болуп калды. Себеби, мурунку администрациянын каталары көз алдында өтүп жатпайбы. Өткөн каталарды анализдеп, иргеп жумушун аткарса, Сокени уят кылбайт. Эгерде жаңылса, тагдыры өтө татаалдашып, келечекте бүдөмүк кырдаалга туш келет. Бүгүнкү күндө жалпысынан алганда, Сокенин коррупцияга каршы күрөшүнүн генералы болуп эсептелет. Элде Алмамбет жөнүндө ар кандай күбүр-шыбырлар тарап жатат. Ошон үчүн өтө кылдат, мыйзам ченемдүү, түшүнүктүү иштеш керек. Эгер ишти системалуу алып барса, жеңишке ээ болот.

Жениш Молдокматов, «Замандаш» партиясынын лидери: 

– Алмамбет Салиевди жаш болсо да мамлекеттик кызматтын баардык тепкичтерин басып өткөн, кесипкөй, дасыккан адис катары тааныйм. Жаңылбасам, үч жогорку билими бар, кичипейил, жумушуна так жана эң негизгиси туруктуу, сөзүнө бекем. Бүгүн мамлекетибиз жаңы кан, жаш кадрларга суусап турган мезгил. Андыктан, жигердүү кызматкер кызматын өтөп жатса, аны буттан чалып көргө түртпөстөн, колдоо менен бийиктикке ыктатып, көтөрмөлөшүбүз абзел. Салиев Алмамбет Абдимиталипович бүгүнкү өтө маанилүү, ары жооптуу кызматта өз милдетин так аткарып келүүдө. Анын иш тажрыйбасы жана тийиштүү билими жаңылтпастан жаңыланууга, тайманбастан жаңы реформаларга жеткирет деп ишенем. Ал эми өзүнүн адамгерчилиги, кичипейилдиги, баардык адамдарга тең кароо менен бирдей мамиле кылуусу, албетте, кубантпай койбойт.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *