Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Алмамбет Шыкмаматов 6-чакырылыштын депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 15-октябрда аяктай тургандыгын билдирди
Саясат

Алмамбет Шыкмаматов 6-чакырылыштын депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 15-октябрда аяктай тургандыгын билдирди

Эгерде мыйзамдуулук жөнүндө айта турган болсок, Конституциянын 70-беренесине ылайык, эртең, 15-октябрда ЖКнын 6-чакырылыштын депутаттарынын ыйгарым укуктары аяктайт. Бул тууралуу саясатчы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Ал эл Жогорку Кеңешти 5 жылга шайлай тургандыгын эске салып, алар бир да күн ашык эл өкүлү боло алышпай турганын белгиледи.

“Алардын 15-октябрдан кийинки чечимдеринин жана жолугушууларынын бардыгы мыйзам чыгаруу органдарынын узурпациясы болот. 2015-жылдын 15-октябрында БШК шайлоонун жыйынтыгын жарыялап бекиткен. Ошол күндөн баштап 6-чакырылыштагы парламенттин беш жылдык мөөнөтү башталган”, – деди ал.

Шыкмаматовдун айтымында, Жогорку Кеңештин ишинин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылган норма бул учурда колдонулбайт.

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт