Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Алмамбет Шыкмаматов Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болду
Кызмат-мансап

Алмамбет Шыкмаматов Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болду

“Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Алмамбет Шыкмаматов Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болду. Бул тууралуу маалыматты саясатчы өзү журналисттерге билдирди.

Анын айтымы боюнча, Райымбек Матраимовду, Искендер Матраимовду, Тилек Матраимовду камакка алууга санкциялар киргизилген.
Мындан тышкары, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо учурунда ири өлчөмдөгү бурмалоолорго катыштыгы барлардын бардыгы камакка алынат.

Буга чейин “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан талапкер Курсан Асанов Бишкек шаарынын коменданты жана ИИМдин башчысынын милдетин аткаруучу болгону жана талапкер Өмүрбек Суваналиевдин Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматына кайтып келгени, учурда коопсуздук, коомдук тартипти көзөмөлгө алуу боюнча аракеттер көрүлүп жатканы белгилүү болгон.

Чүй облусунун ИИББнин начальниги Самат Курманкулов “Эрдик” медалы менен сыйланды

Замирбек Ниязалиев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Мухаммедкалый Абылгазиев Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине Улукбек Кочкоровдун талапкерлигин сунуштады