Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Алмамбет Шыкмаматов өзүн башкы прокурормун деп жарыялаган маалыматты четке какты
Саясат

Алмамбет Шыкмаматов өзүн башкы прокурормун деп жарыялаган маалыматты четке какты

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” партиясынын экс-депутаты жана “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Алмамбет Шыкмаматов өзүн башкы прокурормун деп жарыялады деген маалыматты четке какты.

Шайлоонун жыйынтыгы менен макул болбогон саясий партиялардын Координациялык кеңешинин отурумунун жүрүшүндө Алмамбет Шыкмаматов Башкы прокуратуранын имаратында эмне кылып жүргөнүн айтып берди.

«Мени эч ким башкы прокурор кылып дайындаган жок. Мен жөн гана барып, жумушка келбей калган үч башкы прокурордун орун басары менен жолуктум. Бир нече талаптар айтылды: шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу, өлкөдө мыйзамдуулукту сактоо, башкы прокурордун орун басарлары кол коюуга укуктуу. Ошондой эле Матраимовдорду жоопко тартуу жана чек араларды жабуу зарылдыгы жөнүндө айтылды. Мен жөн гана саясий кеңештерди бердим жана моралдык жактан колдоо көрсөттүм, анткени алар мындан ары иштеши керек. Мени эч ким башкы прокурор кылып дайындаган жок, мен дагы өзүмдү дайындаган жокмун », – деди Шыкмаматов.

Эскерте кетсек, буга чейин Шыкмаматов Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп, ага-инилер Матраимовдорду – Райымбек, Искендер жана Тилекти камакка алуу боюнча санкциялар киргизилгени маалымдалган.

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт