Алмамбет Шыкмаматов, ЖК депутаты: “Бишкектеги элиталык үйдүн 1 чарчы метринин өздүк наркы 500 доллар турса россиялыктар контейнерден жатакана салып, анын 1 чарчы метрин 1300 доллардан баалашкан”

-Алмамбет Насырканович, “Русгидро” компаниясы кыргыз өкмөтүн Эл аралык сотко берүүгө ашыгып жатат. Алар соттон утуп алат дегенге толук негиз барбы?

-Эл аралык арбитраждык сотко берүүгө Русгидронун 100% укугу бар. Бирок мен ойлойм, Россия тарап Кыргызстанды эч качан сотко бербейт. Анткени, Россиянын сотко берип убара болуп олтурбай эле акчаны өндүрүп алууга баардык мумкүнчүлүктөрү жетиштүү. Аны азыр Россиядагылар кантип ойлонбой койду дейсиз? Ойлонуп жатышат.

-Мисалы кандай мүмкүнчүлүктөрү бар?

-Мигранттарды кысып, нефти продуктуларды өткөрбөй, пошлиналарды кымбаттатып, ЕАЭСтин алкагында толгон такой басым кыла турган ыкмалары бар. Ошолорду эле жасаса, биздин өкмөт айласы жок, айткан күнү акыркы тыйынын санаса даты төлөп берет. Төлөбөйбүз, соттошобуз деген болбогон кеп.

-Бирок Россия деле көрүнгөн шылтоону айтып ГЭСтерди курбай келбедиби. Демек бир тараптуу жокко чыгарууга бизде мүмкүнчүлүк бар да?

-Ошол келишимдин 14-беренесинде кимде-ким келишимди бузса келтирилген чыгымды төлөп берет деп жазылып турат. Бул келишимди биз буздук. Президент биринчилерден болуп келишимди жокко чыгаргыла деп сунуш кылып, парламент колдоп берди. Ошондуктан биз Россия тарапка 37 миллион долларды төлөп берүүгө аргасыз болобуз. Бул 37 миллион доллар казынадагы акчадан төлөнөт.

-Бирок өкмөттөгүлөр жаңы инвес­тор издеп жатабыз деп маалымат таратып жатышат. Ал ишке ашпайбы?

-Ушул жерде биздин атка минерлердин көзүңдү карап туруп жалган маалы­мат бергенине таң калам. Каратып туруп калп айтышпаса болду. 37 миллион биз­дин эсебибизден акчаны берсе, ал инвес­тор акчаны биздин мойнубузга илет. Анча чоң акчаны төлөп беребиз дегидей келе жаткан инвесторлордун башы иштебейт бекен. Элге калп айткандын ордуна биз­дин бийлик ооба инвестор келип төлөйт, биз инвесторго карыз болобуз деп айтышса жакшы болмок. Эл дагы эки жолу азап тартпайт эле.

-Чыгымдар боюнча да айта кетсеңиз?

-37 миллион доллар ошол кездеги доллардын курсу менен эсептегенде 2 млрд 300 млн сом экен. Бул жерде  үч эсе кымбат кеткен. 7073 кв метр жатаканалар салынган. Атайын шаарча деп коёт. Жатакана, офис, ашкана, медициналык жай баары кирет. Ошол шаарча контейнерлерден салынган. Кадимки темирден жасалган контейнерлердин ичине эшик, терезе, жылыткыч орнотуп, жашаганга мүмкүнчүлүк кылып даярдагандан кийин бир чарчы метри 1300 доллардан айланган. Бул эбегейсиз баа көтөрүү болуп эсептелинет. Анткени бизде ошондой эле контейнерден үй салгандар башкача ай­тып жүрүшот. Бизде чоң элиталык үйлөр салынып жатпайбы? Ошол үйлөрдүн өздүк наркы 500 доллардан айланат экен. Кантип анан ошол контейнерлердин баасы 1300 доллар болот. Буга эксперт кы­лып да кереги жок.

-Жол салышпады беле анын деле баасы асман чапчыса керек анда?

-Жол даты өтө мыйзам бузуу менен 4 эсе кымбат салынган. Бульдозер менен жолду түрттүрүп, шагыл төктүрүп, анан үстүнө суу төктүрүп туруп жол деп айтып жа­тат. Ал жерге корогон акчага асфальт жол салса болмок. Айтор, кимди ким көрдү Быржыбайды там басты деп каалагандай эле бааны көтөрүп, туш тараптан талай беришкен. Анысы аз келгенсип жасаган жумуштарынын баары сапатсыз.

-Ошондо мунун баарына кимди күнөөлөйбүз?

-Ооба, сөзсүз бирөө күнөөлү болуп жазасын алышы керек. Россия Кыргыз­стан тарап биргелешкен ишкана түзгөн. Ошол жердеги директорлор кеңешиндеги 8 кишинин теңи Кыргызстан тараптан, калганы Россиядан келишкен. 8 киши олтуруп алып баардык боткону жасашкан. Эми жооп бериши керек.

-Биз тараптан шайланган 4 киши ушунча мыйзам бузуулар болуп жатса эч нерсе байкашпаптырбы?

Ошол төрт кишини укук коргоо органдары жакшылап эле суракка алса баардыгын сайрап айтып беришмек.. Би­рок эң кызыктуусу ошол төрт киши тен, ушундай кымбат акча кетип жатат деп Президенттин аппаратына чейин убагында арызданганбыз. Эч кандай жооп келген эмес деп айтып олтурушат. “Карагыла, көңүл бургула десек укпай коюшту” деп биз чакырганда айтып беришти.

-Биздин ушундай оор кырдаалдан сууруп чыгып кетуучу юристтерибиз бар­бы?

-Акча биз карыз болсок эмне деп бет тырмаачылык кылабыз. Алар кели­шимди силер биринчи буздуңар деп эле төлөтүп коёт. Жеди ичти дегенибиз менен аны далилдеп берүү абдан кыйын турат. Алардын бизге акчасын берүүсү кана кызыкчылыгы бар. Мага десе күнөөлүү ки­шини атып койсок да ал биздин ишибиз.

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *