Алманы Казакстандан, помидорду Орусиядан алып калдык

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине киргенине жыл айланды. Бирок анын алдындагы убадалар аткарылбай, экспорттун эсебине жетпей маарымакчы болгон дыйкан-фермерлерибиз жыргабай эле тескерисинче куурай баштады. Өткөн саныбызда мал чарбачылыгындагы абалга токтолдук эле, бул ирет дыйканчылык менен багбанчылыктагы кырдаалга кайрылабыз.

Ээликтирбеген экспорт

Өкмөт аталган уюмга кирер алдында берген “200 миллион калктуу рынок ачылат, колдо барыбыздын баарын экспорттоп ээлигип калабыз” дегендей кабат-кабат убадалардан дайын жок. Эми ага ЕАЭБ талаптарына толук жооп берген шарттарды убагында өздөштүрбөй туруп уюмга шашылыш кирип алганыбыз жүйө келтирилүүдө. Ошентип өкмөт бу биримдиктен көрчү пайдага али эрте деп жоошутканы менен анын запкысын, жабырын дыйкандар тартууда.  Акыркы бир жыл аралыгында Кыргызстандан чыккан миңдеген тонна жер-жемиш менен жашылчаларды биримдик шарттарына туура келбейт деген шылтоо менен коңшу өлкөлөр өз аймагына өткөрбөй койгон. Ага биздин өлкөдө экспорттолчу айыл чарба азыктарын текшерип, фитосанитардык сертификаттарды берчү лабораториялар жоктугу же жетишсиздиги себеп экен. img_0802

Өкмөттүн кат-кат убадасына ишеним арткан дыйкандар быйыл жер-жемиш, жашылчаларды арбын эккен. Эми минтип берекеси төгүлгөн күз күрөштө түшүмүн өткөрө албай убара. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин маалыматы боюнча, соңку беш айда өлкөнүн ЕАЭБ өлкөлөрүнө мөмө-жемиш экспорттоосу 3,8 эсеге кыскарган. Башкача айтканда, өткөн жылы 8,7 млн. долларга тете көрсөткүч соңку беш айда 2,2 млн. долларды араң чапчыган.

Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Турдуназир Бекбоев экспорт көлөмүнүн азайышын сыртка сатылган жашылча-жемиштердин аздыгынан эмес, бажы бекеттеринде жеткиликтүү мониторинг системасынын жоктугунан көрөт. Министр экспортту жана импортту так аныктоо иши жүрүп жаткандыгын, жакында бул маселе толук чечилээрин айтат: «Биримдикке киргенибизге бир жыл болду. Тез убакыттын ичинде жакшы жыйынтыктарды көрөбүз деген туура эмес. ЕАЭБден жакшы пайда көрөбүз десек, дагы 4-5 жылдай убакыт керек. Бирок ошентсе да азыркы убакта сүт жана эттен башка айыл чарба азыктарын сыртка сатууда абал жакшы эле. Казакстан менен чектеш бажы аймагына барсаңыздар биздин продукцияларды жүктөгөн унаалар шыкалып турганын көрөсүздөр».

Ал эми фермер, айыл чарба тармагы боюнча эксперт Манас Саматов жер-жемиш экспортунун көлөмү көбөйдү 10440730_10152861310864826_8679372125995630748_nдегенге ишенбейт жана бул боюнча так маалыматтарды эч жерден көргөн эмес. ЕАЭБ дыйкандарга пайда алып келип, айыл чарба тармагына оң таасирин тийгизип жатат деген жүйөгө кошула албастыгын айткан адис кыргыздар мурдатан эле эл аралык стандарттарга жооп берген бир катар жер-жемиштерди сыртка сатып келгенин белгилейт: «Баткендин өрүгү, Ысык-Көлдүн алмасы, Таластын төө бурчагы, Ноокаттын картошкасы сыяктуу бир катар айыл чарба продукциялары мурдатан эле эч кандай көйгөйсүз экспорттолуп келгенин баарыбыз билебиз. Булар азыр деле эч кандай биримдикке мүчө эмес Өзбекстан, Тажикстан, Түркияга сатылып жатат. Ошондуктан азык-түлүктөрдүн экспорттолуусун ЕАЭБге байланыштыруунун маани-маңызы жок”.

Эксперт тийиштүү жетекчилер кыргыз дыйкандары менен багбандарынын жогоруда айтылган сапаттуу жер-жемиштерди көп көлөмдө өндүрүүсүнө шарт түзүп берүүсү зарылдыгын, себеби аз сандагы продукцияга кардар табылуусу кыйындыгын кошумчалады.

Сестейткен сертификат

ЕАЭБге киргенден бери чоң көйгөйгө айланган фитосанитардык лабораториялар да азырынча өлкөбүздө жетишсиз. Азыркы убакта биримдиктин стандарттарына жооп берген лабораториялар Бишкек жана Ош шаарларында гана бар. Азык-түлүктөрүн экспорттоо үчүн керектүү сертификатты алгысы келген дыйкандар ушул эки жерге гана кайрыла алат. Айыл чарба министрлигинен Түп жана Кара-Буура райондорунда курулуп жаткан жаңы лабораториялар жакынкы убакта ишке киргизилерин маалымдашты. Жаңы лаборатория куруу үчүн 2 млн. доллар бөлүп бермекчи болгон Казакстан бул убадасын аткара элек. Бирок ошол эле убакта жергиликтүү дыйкандардын миңдеген тонналык жашылча-жемиштерин фитосанитардык эрежелерди сактабагандыгынан же сертификаты болбогондугунан улам коңшу өлкөлөр өткөрбөй койгон. Мисалы, ушул жай мезгилинде эле Казакстан 300 миң тоннадан ашык продукцияны, Орусия 20 миң тонна мөмө-жемишти ЕАЭБдин шарттарына туура келбейт деген негизде Кыргызстанга кайтарган.

Өсүмдүктөрдү коргоо жана химиялаштыруу департаментинин жетекчиси Жаныбек Дербишалиев тийиштүү документи бар ар бир ишкер эч кандай тоскоолдуксуз эле өнүмүн сыртка сата алаарын билдирди. Анын айтымында, чек арадан өтө албай жаткандардын көбү фитосанитардык сертификат албай туруп азыгын экспорттогусу келгендер. «Биз ар дайым айтып келебиз, мөмө-жемиштерди сыртка сатуу үчүн тийиштүү лабораториядан өткөрүп, сертификат алгыла деп. Сыртка экспорттоло турган айыл чарба азыгынын үлгүсүн лабораторияга жөнөтсө, ал жерден текшерилип, тийиштүү документтер берилет. Өткөрүлбөй жаткан продукция ээлеринин көбү бул жобону аткарбагандар. Дыйкандар мурдагыдай эле чек арадан тыйын-тыпыр берип өтүп кетебиз деп ойлоп жатышат. Бирок азыр ЕАЭБге мүчө өлкөлөр сертификаты жокторду өткөрбөйт”,- дейт Ж. Дербишалиев.

Айыл чарба тармагындагы дагы бир чоң көйгөй — мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү ишканалардын жетишсиздиги. Мындан улам жыл сайын 91 тонна алма жана 17 миң тоннадан ашык өрүк жем болуп же чирип жок болуп кетет. Көп жылдан бери көтөрүлүп келген мындай көйгөй тууралуу министр Турдуназир Бекбоев бул тармактагы ишканаларды аз убакыттын ичинде куруу кыйын экендигин билдирип, азыр айыл чарба азыктарын сактоочу логистикалык борборлор салынып жаткандыгын айтты. Маселен, Токмокто 10 тонналык жашылча-жемишти сактоочу ушундай жай курулса, жакында Ош жана Ысык-Көл облустарында да ушундай борборлор курулат.

Экспорт эмес, импорт көбөйдү tradeboardisopzo_img

Ал эми кыргыз базарларында жер-жемиш саткандар мурдагыга караганда баа арзандап, экспорт да азайганын, тескерисинче импорт көбөйгөнүн айтышууда. Маселен, Бишкектеги “Дыйкан” базарында мөмө-жемиш сатуу менен алектенген Аскар Арыкбаев айрыкча быйыл алманы Казакстандан ташып жатышканына токтолду. Анткени быйыл кошуна өлкөдө түшүм жакшы жана баасы да арзан. Ошол эле учурда өзүбүздүн түштүк облустарынын багбандары алмасын өткөрө албай убара.

Курма алып-саткан Динара Ашымбекова азыр соодасы солгундугуна кейийт: «Курманын 70 пайызы жыл сайын Казакстанга сатылат эле. Бирок быйыл негедир казак тарап тартпай калды. Жакында башталып калаар деп үмүт кылып жатам. Бир чети кооптонуп да турам. Себеби Өзбекстандын курмасы ал жакка өтүп кетсе, биздикине кардар чыкпай калат». Алып-сатарлар помидордун түшүмү да быйыл жылдагыдай жакшы болбогондуктан Орусиядан алынып келгенин белгилешти. Бирок даамы жана сапаты жагынан Кыргызстандыкына жетпесе да баасы бир кыйла жогору. Айталы, өзүбүздүн помидордун килосу 25-30 сом болсо, Орусияныкы 50 сомдун тегерегинде.

Ысыккөлдүк дыйкан Алтынбек Миралиев картошканын баасы арзандыгынан улам өзүн-өзү актабай, чыгашага учурап жатканына зар какшайт: «Бир-эки жыл мурун килосу 20 сомдон ашчу, азыр 8-9 сомдун тегерегинде. Ошого байланыштуу быйыл аз айдадык. Эми жакында кымбаттайт деген ойдобуз. Негизи баасы 10 сомдон аз болсо кеткен мээнетти, түйшүктү да актабай калат экен». Ошондой эле былтыр 20 сом болгон сабиз быйыл 12 сомго түшкөн. Жылда 6-7 сом болгон пияз да быйыл 2-3 сомго арзандап кетти. Ал аз келгенсип мурдагыдай экспорттолбой да калды.

Ошентип мээнети акталбаган дыйкан-багбандар өндүрүлгөн продукцияны өткөрүүдө мамлекет жетиштүү шарт түзүп бере албаганына нааразы. Тиешелүү министрлик болсо шарт түзгөндүн, жок дегенде анализ жасап, кеп-кеңеш бергендин ордуна дыйкан-багбандардын өндүргөн продукциясын кудум өздөрү өстүргөндөй эсептеп-чоттоо менен убара.

Бизге салыштырмалуу, кошуна Өзбекстан эч кандай биримдик-пиримдикке кирбесе да айыл чарба азыктарын экспорттоо жагынан кыйла алдыда. Бул үчүн быйыл жыл башында “Узагроэкспорт” деп аталган жаңы тышкы соода компаниясы да түзүлгөн. Өлкөнүн Айыл жана суу чарба министрлигинин маалыматына караганда, өзбек өкмөтү быйыл жыл соңуна карай Орусияга экспорттолчу айыл чарба азыктарынын көлөмүн 500 миң тоннага жеткирүүнү көздөөдө. Бул былтыркыга салыштырганда эки жарым эседей көп. 2015-жылы Өзбекстан Орусияга жалпы наркы 300 миллион долларга тете 200 миң тонна айыл чарба азыктарын саткан.

 Азат Акаев

Булак: Де-Факто

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *