Алматыда бүгүн да адамдар кармалды

Бүгүн Алматыдагы Астана аянтында полиция кайрадан жарандарды кармап кетти. Бул тууралуу «Эркин Европа» радиосунун казак кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, полиция кызматкерлери 20га жакын адамды аянтта жөн гана сейилдеп жүргөндүктөрүн айтканына карабастан кармап кетишти. Алар эч кандай ураандарды кыйкырбастан, тынч эле турушкан.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, шайлоо күнү Алматы жана Нур-Султан шаарларында «500гө жакын киши» кармалган.

Бүгүн өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоодо учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев жеңишке жеткенин жарыялады. Расмий маалымат боюнча ал шайлоочулардын 70,76 пайызынын добушун алды.

9-июндагы шайлоо Казакстандын жаңы тарыхындагы алтынчы президенттик шайлоо болсо, алардын төртөө мөөнөтүнөн мурда өткөн. 30 жылдан бери алгачкы жолу талапкер катары экс-президент Нурсултан Назарбаев катышпаган шайлоо Алматы, Нур-Султан жана Чимкент шаарларындагы нааразылык акциялардын коштоосунда өттү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *