Алматыда кайрадан Шинжаңдагы казактарга жардам берүү чакырыктары айтылды

30-октябрда ондогон адам Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Алматыдагы өкүлчүлүгүнүн алдына чогулуп, Кытайдын Шинжаң аймагындагы «кайра тарбиялоо лагерлеринде» кармалып турган туугандарына жардам берүүнү өтүнүштү.

ТИМ өкүлчүлүгүнүн алдына топтолгон 40тан ашык адам өлкө президенти Касым Жомарт-Токаев менен тышкы иштер министри Мухтар Тлеубердинин атына кат жолдошту.

— Биз концлагерлер менен түрмөлөрдө кармалып турган туугандарыбыздын бошотулушун талап кылабыз. Алар биз менен ачык байланышып, Казакстанга келип туруусуна эч кандай тоскоолдуктар болбошу керек. Тиешелүү органдарды Кытайдын жана Шинжаңдын бийлигине кайрылып, мындай саясатты токтотууну талап кылышын өтүнөбүз, — деп жазылган катта.

Шинжаңдагы аз улут өкүлдөрү кысымга кабылып жаткандыгы тууралуу билдирүүлөр 2017-жылдан бери айтыла баштаган. Туугандары Кытайда жашаган казакстандыктар жакындары «лагерлерде» күч менен кармалып, үй-камагына алынып, өлкөдөн чыга албай жатышканын билдирип келишет.

Былтыр Бириккен Улуттар Уюму Шинжаңда миллионго жакын уйгур жана башка түрк тилдүү аз улут өкүлдөрү «кайра тарбиялоо» лагерлеринде кармалып турганын билдирген. Өз кезегинде расмий Пекин алар лагер эмес, кытай тилин жана түрдүү адистиктерге окута турган «билим берүү борборлору» экенин айтып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *