Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Алматыда онкологиялык ооруга чалдыккан балдарга гепатит С жукканы аныкталды
Борбордук Азияда КООМ

Алматыда онкологиялык ооруга чалдыккан балдарга гепатит С жукканы аныкталды

Алматыда Педиатрия жана балдар хирургиясы боюнча илимий борбордо рак менен ооруган бир нече балага гепатит С вирусунун жугушуна байланыштуу текшерүү башталды.

Бир нече ата-эне «Астана» телеканалына лейкемияга чалдыккан балдарга кан куйган учурда инфекция жуккан болушу ыктымал экенин билдиришкен.

Илимий борбор бул божомолду четке кагууда. Дарыгерлер гепатит С вирусу балдар ооруканага түшөр алдында аныкталганын билдиришүүдө.

Ушул тапта борбордо 11 бала гепатит С вирусу менен жабыркоодо.Илимий борбордун төрагасынын орун басары Ляззат Манжуова учурда алардын абалы туруктуу экенин, изоляцияга алынып, залалдуу шишикке каршы дарыланып жатышканын билдирди. Ремиссиядан чыккандан кийин сарыкка каршы дарылоо башталат.

2013-жылы май айында Нур-Султандагы Эне жана бала илимий борборунда лейкемиядан дарыланып жаткан 30 балага гепатит С вирусу жукканы белгилүү болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ѳспүрүм бүтүрүүчүлѳрүбүз үчүн «акыркы конгуроо»-жашоосунун акыркы күнү болүп калбашы керек!

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамура Жалал-Абадда медициналык жабдуулардын гранттык сертификатын тапшырды

Япониядагы круиздик лайнердеги карантин аяктады