Алмаз Атамбаев: “Эгер мен Астанадагыдай ЭКСПО көргөзмө уюштуруп, ага $ 3 миллиард доллар сарптасам, мени булар тирүүлөй өрттөп жиберишмек”

“Эгер мен Астанадагыдай ЭКСПО көргөзмө уюштуруп,  ага $ 3 миллиард доллар сарптап жиберсем, мени булар тирүүлөй өрттөп жиберишмек”, – деп билдирди бүгүн, 11-июнда Алмаз Атамбаев БУУнун Генкатчысы Антониу Гутерреш  менен “Таза коом” форумунун алкагында журналисттер менен болгон жолугушууда.

“Кыргызстанда нефти менен газ жок, бирок, өтө күчтүү жарандык коом бар. Биз мына ушул жарандык коом менен газдын жана нефтинин жоктугунан болгон кемтикти толуктайбыз. Бул биздин эң чоң мүмкүнчүлүгүбүз. Албетте биздин мамлекетте азырынча каражат жок. Мына, Астанада ЭКСПО көргөзмөсүн уюштуруу үчүн эле $ 3 миллиард доллар каражат сарпташкан. Ал эми биз жол куруу үчүн эле 1 миллиард акча алсак канча ызы-чуу салышты. Өткөн жылы II Көчмөндөр оюнун өткөрүүгө $ 30 миллион доллар грант алсак канча ызылдашты. Эгер биз $ 3 миллиард доллар сарптасак, мени булар тирүүлөй өрттөп жиберишмек”, – деди Атамбаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

1 ой-пикир

  • Калыс says:

    Астанадагы ЭКСПО-2017 көргөзмөсүн уюштурууга 3 млрд. доллар чыгымдалса, анын кайтарымы, инвестициясы 30-40 млдр. доллар болот. Себеби, көргөзмөгө келген чет элдик бизнесмендер Казакстан менен биргелешип иштөөгө келишимдерди түзүп, алар келечекке карай мыкты кадамдарды таштап баратат. Ал эми биздин өлкө Көчмөндөр оюндарын жөн гана пиар кылышып, 3 млн. долларды жөн эле асманга чачып, ичип-жеп коротуп салышты. Эгерде АШАнын акылы болсо Ысык-Көлдө ушундай ЭКСПО көргөзмөсүн уюштурбайт беле. Жолду оңдуу салалбай, анан журналисттерди күнөөлөп койгонуна жол болсун! Чачын өзүнүн акылсыз кадамдары агартып жатат. Кылган иштери, былыктары үчүн жооп берчү учур жакын калды.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *