Алмаз Атамбаев Генпрокуратурага 2010-жылы сепаратисттердин лидери Кадыржан Батыровду чет өлкөгө качырууну ишке ашырууга Убактылуу өкмөттүн кызмат адамдарынын катыштыгын иликтөө боюнча ведомстволор аралык топ түзүүнү тапшырды

Издөөдө жүргөн сепаратисттердин лидери Кадыржан Батыровдун өтө оор кылмыштары үчүн жоопкерчиликтен качуу максатында 2010-жылы чек арадан мыйзамсыз өткөнү жана жагдайларды иликтөө боюнча 2016-жылы 14-сентябрда козгологон жазык иши, ошондой эле К. Батыровдун өлкө чегинен тоскоолсуз чыгып кетишин уюштурууга Убактылуу өкмөттүн мурдагы кызмат адамдарынын катышуу деӊгээли  тууралу УКМКдан түшкөн жаңы маалыматтар жөнүндө Башкы прокуратуранын маалыматын угуп,  Алмаз Атамбаев Башкы прокурор Индира Жолдубаевага абдан тыкыр иликтөө жүргүзүүнү камсыз кылууну тапшырды.

Буга байланыштуу Атамбаев тереӊ жана объективдүү иликтөө жүргүзүү үчүн прокуратура органдарынын алкагы менен чектелбестен, ведомстволор аралык тергөө тобун түзүүнү Башкы прокурорго сунуш кылды. «Бардык жагдайлардын элге жарыяланышын каалабаган күчтөр тарабынан катуу каршылыктар болорун түшүнөм. Бирок жарандар кандай гана болбосун накта чындыкты билүүгө тийиш», – деди Президент.

Ведомстволор аралык тергөө тобунун ишинин жыйынтыктары тууралу Башкы прокуратура  Президентти жана коомчулукту кабардар кылууга тийиш.

2 comments

  • аааа says:

    Исфанада шухрат Кундузовду тапкыла ошол билет баарын

  • Эрнст says:

    Атамбаев өзү билет. Атамбаев жалган сүйлөштү жакшы көргөн неме окшойт. Ар бир чыгып сүйлөгөндө жалганды төгүп салат. Бир эле мисал: 2010-жылдын 5-июнь күнү ал өзүнүн шопуру менен өзбектердин лидерлерин “Форум”да кабыл алып, кой союп мейманчилаган. Ошол жерде Махаматрасул Абакжанов, Батыровта эмне айып, аны эмне үчүн генерал Исаков менен генерал Сабировту жиберип убактылуу сыртка чыгып турууну УӨ суранды?- деп ага суроо бергенде, Атамбаев, азырынча ушундай кылыш зарыл болду, биз Батыровты урматтайбыз, ага транспорт министри болуңуз, деп сүнүштадык, ал ынабады, азыр айырым улутчул күчтөрдү басыш үчун андан сыртка чыгып турууну сурандык. Кудай буйруса, биз Батыров менен бирге иштейбиз, -деп жооп берген. Эми болсо, мындай сөздөрдү айтып жатат.Атамбаев Колбаев менен бирдикте өзбектердин мүлкүн, жерин талады. 5 миңден ашуун машинелерин алып бандиттерге бөлүп берди. Ошондон кийин Жогорку Кеңеште машинелерди доверенностсиз да айдоого уруксат берген мыйзам абыл алдырды. 2010-жылдагы кандуу окуялардын уюштуруучусу да Атамбаев. Ал бул кылмышы үчүн жооп берет. Ал күнгө жакын калды.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *