Алмаз Атамбаев: “Мен 2010-жылдагы видеодо капкара чачтуу, жапжаш экемин, азыр 7 жылда бок саясатчылар, журналисттер нервим менен канымды ичип ушуга жеттим”

Кечээ Астанада болгондо мен 2010-жылдын июнундагы окуялар боюнча даректүү фильмди көрдүм. Андагы мен тартылган видеокадрларды карасам мен капкара чачтуу, жапжаш эле бойдон экемин. Анан акыркы 7 жылда өлкөдөгү бок саясатчылар менен журналисттер канча нервим менен канымды ичишти. Мен өлкөнүн проблемаларынан мындай абалга жеткеним жок, ошол бок саясатчылар менен журналисттердин айынан ушуга жеттим”, – деп билдирди бүгүн, 11-июнда Алмаз Атамбаев БУУнун Генкатчысы Антониу Гутерреш менен “Таза коом” форумуна катышуу алкагында журналисттер менен жолугуп.

Булак: Кyrgyztoday.kg

1 ой-пикир

  • Калыс says:

    Астанадагы ЭКСПО-2017 көргөзмөсүн уюштурууга 3 млрд. доллар чыгымдалса, анын кайтарымы, инвестициясы 30-40 млдр. доллар болот. Себеби, көргөзмөгө келген чет элдик бизнесмендер Казакстан менен биргелешип иштөөгө келишимдерди түзүп, алар келечекке карай мыкты кадамдарды таштап баратат. Ал эми биздин өлкө Көчмөндөр оюндарын жөн гана пиар кылышып, 3 млн. долларды жөн эле асманга чачып, ичип-жеп коротуп салышты. Эгерде АШАнын акылы болсо Ысык-Көлдө ушундай ЭКСПО көргөзмөсүн уюштурбайт беле. Жолду оңдуу салалбай, анан журналисттерди күнөөлөп койгонуна жол болсун! Чачын өзүнүн акылсыз кадамдары агартып жатат. Кылган иштери, былыктары үчүн жооп берчү учур жакын калды.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *