Алмаз Атамбаевдин алешем иштери 6 жыл мурун башталган

Алты жыл азуусун айга бүлөгөн мурунку президент Алмазбек Атамбаев далай бузуку иштерди жасап, кыргызды кутулбас куяга кабылтып кеткенине бүгүн күбө болуп отурабыз. Кол тийбестигинен ажыратып күч түзүмдөрү суракка чакырганда дагы жөн багынбай бир жоокердин өмүрүн кыйып, 100дөн ашык жаранды жарадар кылды. Бекболот Талгарбековдун: “Атамбаев кыргыз үчүн миң жылда келчү бир кырсык” дегени чындыкка жакындап калды. Анда казылып баштаган былыктар боюнча азыноолак сөз козгой кетелик.

Кармалгандан бери Атамбаевдин үстүнөн ондон ашык кылмыш иши козголуп, оор айыптар коюлду. Иштердин эң негизгисинин бири кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушунда болууда. Далай кыргызды шорго батырган Батукаев түздөн-түз Атамбаевдин көрсөтмөсү менен чет өлкөгө узатылганы бүгүнкү күндө толугу менен далилденгенин сезе баштадык, себеби ага катышы бар чиновниктер тергөө менен кызматташып, АШАга каршы көрсөтмө беришти.

Андан кийинки кылмыш иштерде натыйжасыз курулуш долбоорлору менен алардан ири көлөмдөгү талап-тонолгон каражаттар тизилди. Алардын ичинде бүткүл коомчулукка маалым болгон ЖЭБди модернизациялоо иши бар. Атайын түзүлгөн эксперттик топ 111 миллион доллар уурдалганын аныктап чыгышкан, анын башында Атамбаевдин турганын кылмышка шектелген депутат Осмонбек Артыкбаев айтканын тергөө органдары билдирген.

Кыргызстанга көмүр ташып келүү ишинде Атамбаев менен «жең ичинен» иштешкен шектүү компания монополия орнотуп алып, алты жыл бою ири коррупциялык иштерди жасаганы билинип, бул боюнча тергөө жүрүүдө. Ошондой эле, экс-президенттин жеке өзүнө жана анын жакындарына тиешелүү болгон курулуш компанияларынын жерге байланышкан махинацияларынын бети ачылып, кылмыштын алкагында териштирилүүдө.

Атамбаев былгытып кеткен дагы бир ири жемкорлуктун изи Чоң-Алай өрөөнүнөн табылып, газ түтүгүн куруу жана газды транзиттөө боюнча эл аралык келишимдин шарттарына байланышкан көмүскө жагдайлардын негизинде жүз миллиондогон долларлар уурдалып кеткени ачыкталууда. Жакынкы аралыкта тергөө органдары бул иштин бетин ачып чыкса, коомчулукта дагы бир резонанс болорунан шек жок. Анткени, ЖЭБтен кем калышпаган коррупция чууруганы турат.

Эң эле өкүнүчтүүсү, Атамбаев өзүнүн «бандасы» менен кен байлыктарды онду-солду таратканы. Бул кыянататтыкты мамлекетке карата жасалган чыккынчылык деп бааласак болот.

Ага катар, “Дастан” акционердик коомундагы махинациялар дыкат иликтенип, тез арада элге жарыяланышы кажет. Биз билгенден, Атамбаев хансарай курган жер тилкеси мыйзамсыз түрдө «Дастандан» менчиктештирилип, алты жылдын ичинде тырмагынын учуна чейин байыган Албек Ибраимов тарабынан жеке менчикке өткөрүлгөн. Коомчулук айтып жаткандай, «Дастанда» Атамбаевге белекке берилген жерден тышкары бир нече коррупция орун алган, бети ачылышы кажет.

Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолунун подряддык жана курулуш иштери боюнча дагы сөз көп. Алынган кредиттер кандай тартипте короп жатканын иликтөө зарыл. Анткени, Атамбаев өзүнүн мафиялык «шайкасы» менен жалаң карызга алынган кредиттерди майкандап келген, демек, альтернативалык жол дагы соо калган эмес. Мисалы, Балыкчы-Корумду жолунун 1 чакырымы 850 миң долларга курулуп жатса, «Түндүк-Түштүк» автожолуна 2 миллион доллар жумшалууда.

Кредиттен желген жемкорлукка «Датка-Кемин» чубалгысын да кошсок болот. Анткени, эксперттердин маалыматы боюнча, бүткүл дүйнөлүк баата караганда үч эсе кымбатка курулган. Мисалы, эң оор шарттагы жогорку чыңалуудагы бир электр мамысы 25 миң долларга тургузулат. «Датка-Кемин» линиясынын жалпы узактыгы 405 чакырым, ар бир чакырымга 3 мамы кетсе, 75 миң доллардан корогон болот. Кыргызстан Кытайдан 400 млн. доллар кредит алган. Калган акча кайда?

Атамбаевге мамлекетти карызга батырган шалаакылыгы боюнча да иш козгоо зарыл. Жогорку Нарын ГЭСтерин курабыз деп 2012-жылы Орусиялык «Русгидро» компаниясын сүйрөп келген. Кийин чехиялык «LiglassTrading» компаниясы менен жең ичинен сүйлөшүп, келишимден бир тараптуу чыгып кеткен. Жыйынтыгында 37 миллион доллар карызды элдин моюнуна илип берди. Чехиялык компания дагы куйругун түйдү.

Экономикага келсек, 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджеттин таңкыстыгын 20 млрд сомго жеткизген. Атамбаев бийликке келген 2011-жылга салыштырмалуу аталган жылы мамлекеттик бюджеттин таңкыстыгы 50 пайыздан ашып кеткен. Кара тешикти жоюу боюнча ички булактар 6,5 млрд сомду, ал эми тышкы булактар 19 млрд сомду түзгөн. Ток этээрин айтканда, жыртык экономика менен мамлекетти жардын кырыңа алып келип койгон.

Тереңирээк айтсак, бюджеттеги таңкыстыкты жоюу үчүн экс-президент тышкы булактарды пайдаланууга өткөн да, 75% каражатты сырттан киргизген, мунун натыйжасында мамлекеттик карыздын өлчөмү эбегейсиз жогорулап кеткен. Факты менен алганда, Атамбаевдин учурунда алынган мамлекеттик карыз эгемендүүлүк алгандан берки 25 жыл ичиндеги рекорддук керсөткүч болуп саналат. Буга дагы укуктук жана саясий баа берилиши керек.

Далилдер тастыктап тургандай, Атамбаевдин экономикалык жактан да, саясий жактан да ишин оң багытта жүргүзө алган жок. Ал эми оозун тыя албаган сапаты менен өлкөнүн ички жана тышкы саясатына залакасын тийгизип, коңшу өлкөлөр менен болгон мамилени бузду. Заар тилден көңүлү калган Казакстан бүгүнкү күнгө чейин чек арада көйгөйлөрдү кайра-кайра жаратып, кек сактап жүргөнүн барыбыз байкап жатабыз.

Атамбаев өлкө ичиндеги ички ынтымакты дагы ыдыратууга чоң аракеттерди жасаганына күбө болдук. Ар бир аймакты кыдырган сайын өзүнө жакпаган адамдарды кемсинтип, атургай аймактагы элге терс мүнөздөмөлөрдү бергенин көрдүк. Мисалы, «Нарындыктар  койсуңар», «Таластыктар Абыке менен Көбөштүн урпактары», «Талас эли эл болбойт», «Казакстанга кошулуп кеткиле» дегенге чейин барды. Бул сөздөргө да баа берилиши кажет.

Президенттиктен кеткенден кийинки, акыркы эки жылдагы Атамбаевдин иш-аракеттери да аймактык бөлүнүүчүлүктү күчөтүү максатына түздөн-түз багытталганы байкалды. Кой-Ташка акчага жалданган элди чогултуп, тегерек четтеги айылдыктарга терс пропаганда жүргүзүп, ынтымакты солгундатууга аракет жасаганы чыккынчылыкка барабар иш экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Топчубек Тургуналиев айткандай, ылайым кыргыздын арасында мындай киши төрөлбөсүн.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *