Алмаз Атамбаевдин небереси математика боюнча эл аралык олимпиадада медалга ээ болду

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин небереси Селим Атамбаев World Mathematics Invitational (WMI) эл аралык математика олимпиадасынын финалында медалга ээ болду. Бул тууралуу маалыматты Кадыр Атамбаев Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жарыялады.

Бул олимпиада Атамбаевдин небереси “Медаль за заслуги” (Merit medal) сыйлыгы менен сыйланды.

Белгиленгендей, буга чейин Селим Атамбаев Малайзияда өткөн Эл аралык математика олимпиадасында 3-орун үчүн сыйлык алган.

“Билим берүү бул дүйнөнү өзгөртө турган эң күчтүү курал”, – деп айткан Нельсон Мандела. Мына Селим дагы дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүүгө аракет кылып жатат. Пандемия учурунда он-лайн шахмат программалары үчүн чогултуп жүргөн акчасын саламаттыкты сактоо мекемелерине жардам катары берди “, – деп жазган Кадыр Атамбаев.

Белгилей кетсек, Селим Алмазбек Атамбаевдмн уулу Сеид Атамбаевдин улуу уулу.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *