Алмаз Атамбаевге кайрылуу: “Кубан Кадыров Балыкчы элин түп көтөрүп, сизди колдогон…”

Балыкчы шаарынын тургундарынын жана 7-апрель революциясынын баатырларынан атынан
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу  Алмаз Шаршенович! 
Биз Сизге кайрылып жатканыбыздын себеби, акыркы “Улуттук оппозициялык кыймылдын” лидерлери Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов жана Эрнест Карыбековтордун камалышына, Балыкчы шаарынын тургундары бушайман болуп, кабатыр болуп жатабыз. Себеби бул саясатчылар чынында азыр Кыргызстанда болуп жаткан саясий кырдаалды, электр энергиясына болгон кымбаттоолорду, чек ара маселелери жана башка карапайым элдердин көйгөйлөрүн айтып чыгышканы үчүн камалып жатышат. Демократиялык мамлекет болгондон кийин, ар бир жаран өз оюн айтууга мыйзам жол бере турганын Сиз бизден жакшы билесиз. Анан бир аудио жазууну чыгара коюшуп, далили жок эле камап койгондору туура эмес деп эсептейбиз. Оппозициянын табияты – мыйзам чегинде бийликке жетүү, бул мыйзам чегиндеги көрүнүш, Сиз деле оппозицияда жүргөн учурда “президент болуп калсам, эл үчүн иштеп берем” деп, элге ачык айтып жүрчүсүз.  Кандай гана мамлекет болбосун оппозиция болгону, бийликке дагы, карапайым элге дагы пайдалуу деп эсептейбиз. Сиз дагы кандуу бакиевдер режимин сындап келгенсиз, ошондо 2009-жылы так ушу балыкчылыктар Сиздин таламыңызды биринчилерден болуп талашып чыгып, аягы мыйзамсыз карапайым элдер камалышып, ур-токмокко алынышып, мыйзамсыз  соттолуп кеткендерин жакшы билесиз. Ошондо СДПК партиясынан депутат Кубанычбек Кадыров Балыкчы элин түп көтөрүп, алдыда туруп Сизди колдоп келгенин жакшы билесиз. Кадыров чынында элдик жигит, аны элдер колдоп жатышат.
Жогорудагылардын негизинде,  Кубаныч Кадыровко жана башка оппозициячыл саясатчыларга саясий куугунтукту токтотууну талап кылабыз. Арты жакшылык менен бутпөйт, баарыбызга Акаев, Бакиев бийлиги сабак болушу керек.
Касымов Б., 7-апрель революциясынын баатыры, Балыкчы бириккен кыймылынын төрагасы;
Мусаев К.А.,  7-апрель революциясынын баатыры
Кыдырмышева З.А., Саткыналиева Ч.М., Джазыппекова Б., Апсаматова Г.Б.,
Сыдыков А., Арыкова М.Ж., Апсаматов Б., Апсаматов У., Касенова З.,
Жунушев Т., Маданбекова Г., Бобуев Т., Телемышева ж.б.  
 
Булак: “Майдан. kg”

5 comments

  • Протос says:

    Ачыгын айтканда бул ситуациянын келип чыгышына Атамбаев озу куноолу. Ошол Балыкчы окуясын тактап иликтеп, Атамбаев бийликке келгенден кийин саясий баа берууго милдеттуу эле. Кадыров мырзанын Балыкчы окуясындагы салымын он деп айтууга толук мумкун эмес. Балыкчы окуясындагы Кадыровдун ролу тууралуу бир тектуу маалымат гана бар, бирок чыныгы Кубандын жузун тактоого коментарийлерди бергиле.

    • Raus says:

      Атамбаев аябай кооп козуно май басып, кулагына эштеке угулбай жатат, жакында аябай ЧОН чатака айланат, ушундай окунуп каласын

  • алты says:

    Элдин баарына маалым бул “оппозиция” эч кандай кыргыз элине куйбой эле озулорунун чонтогуно иштеген жана колунан келсе иштеин деген. Ошол эле Кадыров жеткен алдым жуттум коррупционер. Эл учун куйуп атам дебей эле койсунчу. Кулкун келет угуп алып. Же элдин баарын келесоо ойлошобу булар?

  • Koldyktor says:

    Атамбаев негизги туура эмес кылып жатат коп эле кишинин убалына калып атат, Кадыров негизги ак конул жигит, мен Кадыровтун атасын аябай жакшы таныймын, биз колдуктор колдойбуз 200% если эки Айдын ичинде чыгарбаса, Анда ушундай чон чатак болот, Ак уйду басып алабуз

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *