Алмаз Мамбетов: “Мамлекеттик каттоо кызматындагы коррупцияны жоюуга күчүм жетет”

Алмаз Мамбетовдун мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигин аркалаганына үч айдын жүзү толду. Бул чынында илгеркиче айтканда бир кварталга жетип-жетпеген убакыт. Жаңы ишти канчалык алып кетип атат? Ушул өңүттө чакан собол таштадык.

– Алмаз мырза, сиз жетектеген мамкаттоо кызматында учурда кандай көйгөйлөр бар?

– Учурда мамлекеттик катгоо кызматынын ишмердүүлүгү менен толук кандуу таанышып, аймактарга чыгып, жер-жерлердеги калктын мамлекеттик кызмат алуудагы суроо-талаптарын, көйгөйлөрүн, ошондой эле жакын арада аларды чечүүнү талап кылган маанилүү маселелерди аныктап чыктым. Белгилей кетсем, бүгүнкү күндө калкты транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүк, айдоочулук күбөлүк жана жалпы жарандык паспорттор менен камсыздандырууда көйгөйлөр бар экен. Себеби, 2019-жылга чейин аталган документтердин бланктары менен камсыздып келген компаниялар ортосундагы түзүлгөн келишимдердин мөөнөттөрүнүн аяктаганы болду. Ошондуктан жаңы, заманбап үлгүдөгү документтерди киргизүүдө жаңы келишимдерди түзүү зарылчылыгы келип чыкты. Аталган маселелерди чечүү, заманбап үлгүдөгү документтерди киргизүү сөзсүз түрдө убакьпты талап кылат.

Калкты аталгаң документтер менен камсыздандырууну үзгүлтүккө учуратпаш үчүн 2019-жылдын 1-октябрына чейин элге айдоочулук күбөлүк жана транспорт каражаттын каттоо күбө-лүгүн «убактылуу» деген макам менен берүү боюнча чечим кабыл алдык. Жаңы үлгүдөгү транспорт каражаттын каттоо жөнүндө күбөлүк 2019-жылдын август айынан тартып бериле баштайт. Күбөлүктүн баасы буга чейин берилип келген документтен төрт эсе арзан болот. Айдоочулук күбөлүктөрдүн бланктарын сатып алуу боюнча тендер жарыяланган, тендердин жыйынтыгы менен авгусг айында жеңүүчү компания аныкталып, октябрь айында жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр бериле баштайт.

Ал эми паспорт маселеси боюнча азыркы учурда соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. Оперативдүү чечимди талап кылган маселелерге токтолсок, белгилүү болгондой, мамлекеттик каттоо кызматы дегенде дароо эле калкты тейлөө борборлору эске түшөт эмеспи, ошондуктан тейлөө борборлорунун ишмердүүлүгүн катуу көзөмөлгө алдым. Азыркы учурда кезек күтүү убактысын кыскартуу маселеси актуалдуу проблема болгондуктан, ушул маселени жакынкы келечекте чечүүнү пландаштырып атам. Кезек күтүүнүн убактысын кыскартуу – бул түздөн-түз кызматкерлердин санына байланыштуу, кызматкерлердин санын көбөйтүү оңой чечилүүчү маселе эмес. Бирок, буга карабай, калкты тейлөө борборлорунун жарандарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында калкты тейлөө борборлорунун иштөө убактысын узарттык. Үстүбүздөгү жылдын 24-июнунан тартып, Бишкек шаарындагы калкты тейлөө борборлору саат 08:00дөн кечки 19:00гө чейин, түшкү тыныгуусуз жарандарга кызмат көрсөтүп баштады (мурда 09:00-18:00, түшкү тыныгуу 12:00-13:00).

Көңүлүмдү бурган экинчи жагдай – бул унааларды каттоодогу кыйынчылыктар (кезек күтүү, ортомчулар). Бул маселени автоматташтырылган маалыматтык
технологиялардын негизинде чечүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Жакынкы арада калкты тейлөө борборлорунун принцибинде «АвтоЦОН» ачууну пландаштырып жатам.

– Санариптештирүү иш-чарасынын акыбалы кантип атат?

– 2019-жылдын «аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы» деп жарыяланышы менен санариптештирүүнүн фундаменти болгон мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө, көрсөтүлгөн кызматтын сапатын жакшыртуу, калктын талабына жооп берүү маселелери биринчи орунга чыкты. Андыктан калкка кызмат көрсөтүүдө болуп жаткан ар кандай маселелердин себебин аныктап, басымды жаңы технологияларга жасайбыз. Калкты тейлөө борборлорунун кызмат көрсөтүүсүн, шарттарын жакшыртууну жана калкты тейлөө борборлорунун санын көбөйтүү боюнча алгылыктуу иштерди алып бара жатабыз. 2019-жылдын 4-июль күнү Баткен шаарында жаңы форматтагы калкты
тейлөө борборун ачтык. Белгилей кетсек, калкты тейлөө борбору мурда жайгашкан имараттын 150 чарчы метринде жайгашкан болсо, учурда жаңы имараттын жалпы аянты 333 чарчы метр, имарат толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүлүп, керектүү жабдуулар менен камсыздалган. Мындай борбор жакында Ош шаарында да ачылды.

– Мурун бул мекеме абдан коррупциялашып кеткен эле. Ушул багытта кандай чаралар көрүлүүдө?

– Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан баардык реформалар калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөгү, кызмат сапатын жогорулатуу, жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү менен кызмат жөнүндө эл арасында айтылып келген жемкорлукка бөгөт коюу болуп эсептелет. Учурда коррупцияга байланыштуу кандайдыр бир калыптанган схемалар белгилүү болсо, кайрылыңыздар, мындай көрүнүштөрдү жоюуга күчүм да, эрким да жетет.

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *