Алмаз Үсөнов накта карьерист!

Убагында Курманбек Бакиевдин администрациясында тажрыйба топтогон Алмаз Үсөнов кийин жаңы бийликке кызматка орношкону белгилүү. Бара-бара президенттин маалымат саясатын башкарып, акыры аппарат башчы да болуп алды. Баракелде! Ишине тыкыр, карьерист, чыйрак жигит экен. Эң оболу, Алмаз мырза шефтерге жагууну жана өзүн көрсөткөндү мыкты өздөштүргөн адис. Эми декабрга чейин президенттин аппарат башчысы катары туура саясат жүргүзсө, кара пиарга малынбаса, түз жүрсө гана эмгегинен баар табат. Керек болсо кийинки келген бийлик менен деле тил табышып, иштешип кетиши ыктымалбы? Анүчүн өткөн катачылыктарынан сабак алып, мындан ары жаңылбагандай кадам таштоо зарыл. Бүгүнкү кызмат кут болсун, Алмаз-бай!

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *