Алмазбек Акматалиев, профессор саясат талдоочу: “Коррупционерлердин тизмесин бийлик эмес, граждандык сектор түзүшү керек…”

Профессор, серепчи Алмазбек Акматалиев менен президенттин акыркы мезгилде көтөргөн маселелери жана Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун камакка алынышы тууралуу баарлаштык.

– Алмазбек мырза, буга чейин Кыргызстандын бир да депутаты башка мамлекетте камакка алынган эмес. Жогорку Кеңештин депутаты Казахстанда камакка алынганы боюнча түрдүү пикирлер айтылып, Казахстан тарап караласа, Кыргызстан тараптагылар ал андай жигит эмес эле дешүүдө. Кимисине ишенсек болот?

– Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун Казахстанда камакка алынышы, албетте, жакшы иш эмес. Анын камалышы Кыргызстанга аброй алып келбейт. Казак тарап күнөөлөп, камакка алгандай анын жеке күнөөсү барбы, жокпу убакыт көрсөтөт. Ошон үчүн алдын-ала аны күнөөлөө туура эмес деп ойлойм

– Казак бийлигинин анын депутат экенине карабай камакка алганы Кыргызстанды тоготпогондугу эмеспи?

– Бул маселеде тоготуу – тоготпоо деген жок. Мыйзам бузулдубу же жокпу, ушул маанилүү. Эгер күнөөлүү болсо, депутат экенине карабай сөзсүз анда өз жазасын алат.

– Кыргыз парламенти кесиптешине укуктук жардам берип, аны камактан чыгарганга күчү жетеби?

– Кыргыз парламенти кийлигишпейбиз деген чечим алышты. Бул эң туура.

– АКСтин башчысынын кызматтан кеткени, ИИМдин полковниктери маңзат ташыганы, милициялардын кримчөйрө менен мамилеси бар экени ачыкка чыга баштаганы президенттин сөзүнөн майнап чыга баштады дегенден кабар бербейби?

– Кичинеден жыйынтык чыга баштады. Себеби, президенттин коррупция менен күрөшүүдө чын эле эрки бар экенин баары түшүнүп келатат окшойт. Бул жакшы жышаан. Кудай буюрса, президенттин айткандарынын баары ишке ашса, анын жыйынтыгы акырындык менен байкала баштайт.

– Эми чындап эле милициялардын туура эмес кылыктары ашкереленип, коррупция тизгинделет деп ишенсек болобу?

-ИИМ өтө чоң мекеме. Кыска убакта чыныгы реформа жасаш кыйын. Ошондуктан, ал жактан жыйынтык чыгарыш кичине болсо да убакытты талап кылат. Бирок, демилге көтөрүлүп, ал тармак боюнча президент өз оюн ачык айтты. Эми андан жыйынтык чыгарышы керек.

-Коррупционерлердин тизмесине кимдер кириши мүмкүн? Ал тизме коррупция менен күрөш тандалма жүргөндөй бийлик каралагысы келген адамдарды биротоло сындырып жок кылбайбы?

– Ошондой бир жактуу болтурбаш үчүн коррупционерлердин тизмесин бийлик эмес, граждандык сектор түзүшү керек. Бул боюнча жөнөкөй жана эффективдүү система түзүлүшү керек. Кандай болгон күндө да бир жактуу кылууга жол берип жатабы же жокпу байкаш керек. Анткени, кыкеңдер ыгы келе калган жерден бири бирин шыбай берет эмеспи. Ошол жагын дагы эске алып, бул маселеге кылдаттык менен мамиле кылышы керек.

– “Текебаев жакын арада камактан чыгышы мүмкүн”- деген ойлор көбүрөөк айтыла баштады. Бу сапар президент айкөлдүк кылып, саясый куугунтуктун негизинде камалган саясатчыларга амнистия кылып, чыгышына шарт түзөбү?

– “Текебаев чыгып кетсе экен”- дегендердин эле сөзү болсо керек. Мынча камады, аны оңой менен чыгара коюшпайт окшойт. Себеби, Өмүке мамилесин бузуп алган. Амнистия болобу, болбойбу, аны кудай билет.

– Президент эмне үчүн кургак ачкачылык кармагандардын талаптарын эске албай жатат? Аларды колонияларга бөлүп, караларга сындыртууну көздөп жатабы?

– Президент кандай маселе болбосун акыл калчап иш кылып, оор басырыктуу болушу абзел. Баарын таразага салып, анан гана үн катышы керек.

– Мурунку баш прокурор, азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновада мандатынан айрылаары тууралуу маалыматтар тарай баштады. Бийликке каяша айткандын баары мандатсыз калбайбы?

– Салянованы мандатынан эле ажыратпай ыгы келсе, камап деле салышат го. Себеби ортодогу мамиле өтө жаман. Ошон үчүн камоого аракет кылышса керек.

Чынайым КУТМАНАЛИЕВА

Булак: Майдан.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *