
Алмаз Атамбаев Жалпы Республикалык тестирлөөдөгү “алтын” сертификаттардын ээлерин куттуктап жатып, душмандар жөнүндө айтып берди.
“Элди улутка, региондорго бөлгөндөр – булар биздин душмандарыбыз. Кимдир бирөө мамлекеттик же расмий тилди билбеген болсо, ал үйрөнөт. Кээде ар кайсы тилде сүйлөшүп жатып деле бири-бирин түшүнүүгө болот, а кээде бир эле тилде сүйлөшүп бирок бири-бирин такыр түшүнүшпөгөндөр бар. Бирок, албетте, силер канча көп тил билсеңер ошончо жакшы” – деди Алмаз Атамбаев.
“Канча көп тил билсең, кайф аласың. Мен көп тил билем, азыр деле үйрөнүп жатам, ошол эле интернет аркылуу англис тилин үйрөнсө болот. Үйрөнгүлө!” – деп чакырды мамлекет башчы.
24.kg сайтынан кыргызчаланды
Ой-пикир жок