Алмаз Атамбаевдин уулу атасынын ден соолугу кескин начарлап кеткенин билдирди

Бүгүн, 22-майда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абалы кескин начарлап, ал катуу ооруп калды. Бул тууралуу анын уулу Сейит Атамбаев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

“Мунун себеби, жубайын жана балдарын кучактай албай, алар менен айнек артында жолугушканында” – дейт Атамбаевдин уулу.

“Эмнеге мурунку президент туугандарында коронавирус жок деген маалым каты болсо дагы, алар менен жолугушууга мүмкүн эмес, а Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумдарда коронавирустук тесттин жыйынтыктары боюнча эч кандай маалым каты жок ондогон адамдар менен жолугушуу коркунучтуу эмес” – дейт Сейит Атамбаев.

“Алмазбек Атамбаевдин айтымында, ага катуу моралдык кысым көрсөтүлүп жатат, ал ден-соолугунун абалы жөнүндө арыздангысы келбейт, бул анын принциптерине дал келбейт” – деп жазат Атамбаевдин уулу.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев айыпталуучу катары бир нече кылмыш иши боюнча өтүп жатат. Алардын ичинен: Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу жана 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таштагы окуялар боюнча. Учурда сот процесстери жүрүп жатат.

Сегодня, 22 мая 2020 года здоровье Алмазбека Атамбаева резко ухудшилось, ему стало очень плохо. Причиной тому…

Опубликовано Сеидом Атамбаевым Пятница, 22 мая 2020 г.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *