Алмазбек Атамбаев БУУӨПнун «Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттары аракетте» атайын кеңешмесине катышты

Алмазбек Атамбаев 21-сентябрда, АКШнын  Нью-Йорк шаарына жасаган  иш сапарынын алкагында БУУнун штаб-квартирасында өткөрүлгөн  БУУӨПнун «Туруктуу  өнүктүрүүнүн максаттары аракетте» атайын кеңешмесине катышты. Бул туурасында президенттин расмий сайты билдирет.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы   бул иш чарага катышууга чакыргандыгы үчүн БУУнун Өнүктүрүү Программасына ыраазычылык билдирди. «Бүгүнкү жолугушуу  туруктуу өнүктүрүү тармагында милдеттенмелерибизди ишке ашыруу маселелери боюнча  пикир алмашууга мүмкүнчүлүк берет деп ойлойм. Кыргыз Республикасы  136 өлкөнүн катарында,   менин өлкөм дагы катарына кирген деңизге чыгууга жолу жок мамлекеттердин алдында турган  коркунучтарды обьективдүү чагылдырган 2030-жылдарга чейин   туруктуу өнүктүрүү тармагында Күн тартибин ишке ашырууга берилгендигин ырастады»,-деди Алмазбек Атамбаев.

Президент 2013-жылы  Кыргызстанда  өлкөнүн саясый, экономикалык жана социалдык  өнүгүүсүнүн  негизги багыттарын белгилеген урунтту документ, жол картасы болуп калган  2013-2017-жылдары өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы кабыл алынганын эске салды.

«Бул Кыргыз Республикасы   авторитардык башкаруунун чеңгелинде кыйналып,  соңку тарыхындагы  экинчи ирет революциялык жол менен бийлик алмаштыруу абалынан жаңыдан гана чыккан мезгил эле. Бизде 2005-жана 2010-жылдары эки ирет революция болгон, бул албетте, туруктуулукка кошумча болмок эмес»,-деди Алмазбек Атамбаев.

«Ошол мезгилде  биз үчүн коомго туруктуулукту кайтаруу, биз мамлекеттик институттары кадимкидей иштеген өлкөдө, коррупциясыз, соттук өзүм билемдиксиз, таза шайлоолор өткөрүлгөн, бийлик таза шайлоолордун натыйжасында  тандалып алынган өлкөдө жашай алабыз деген элдин  ишенимин кайтаруубуз керек эле»,-деди Алмазбек Атамбаев. –  Чындыгында бул кыргыз мамлекеттүүлүгүн кайра калыбына келтирүү жана элдин жакшы турмушка ишенимин кайра калыбына келтирүү эле. Арадан бир нече жыл өттү. Бүгүн  туруктуу өнүктүрүүнүн беш жылдык стратегиянын кабыл алынышы өзүн толук актады деп ишенимдүү айтсак болот. Биз кайсы жол менен барыш керек экендигин билгенбиз».

Президенттин сөзү боюнча  ар дайым чыгып турган коркунучтарга системасыз жооп кайтаруудан Кыргызстан  тең салмактуу ички жана тышкы саясатка  өттү. «Акыркы жылдары биз жетишкен эң негизги нерселер – тынчтык, ынтымакташтык жана туруктуулук. Андан тышкары Кыргыз Республикасы  Борбордук Азиядагы парламенттик демократияга ыктаган биринчи жана жападан жалгыз өлкө болуп саналат. Кыргызстандын ИДП бул төрт жылдын аралыгында стабилдүү өсүп жатат. Биздин өлкө Европа союзунан «ВСП+» статусун алган  дүйнөдөгү 10 мамлекеттин бири болуп калды. Бул статус  Европа мамлекеттерине пошлинасыз продукциянын 5 миң түрүн экспорттоого  укук берет”, -деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы  бүгүн Кыргыз Республикасы  дүйнөдөгү  туристтер сөзсүз барууга сунушталган  он мамлекеттин бири экендигин белгиледи.

«Ажайып жаратылышы жана  элибиздин меймандос пейили үчүн гана эмес, эң оболу туристтер үчүн  коопсуз жана ишенимдүү болгону үчүн сунушталып жатат. Биз энергетикалык  көз карандысыздыкка   жетиштик. Мурда электроэнергия тартыш болсо, азыр аны экспорттоп жатабыз. Транспорттук инфраструктураны масштабдуу реконструкциялоо иши жүргүзүлүп, жаңы жолдор курулуп, эскилери ремонттолуп жатат»,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президенттин сөзү боюнча  нефтинин жана газдын чоң запастары жок болгондуктан  адамдарга ишеним артып,  билим берүү тармагына бюджеттин 24 % жумшалууда. Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө бул көрсөткүч 3-4% түзөт. «Биздин ишенгенибиз   – адамдар»,-деди  Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы  жалпысынан алганда Кыргызстан социалдык-экономикалык туруктуу өнүгүүнүн жолу менен ишенимдүү   кыймылдап, азыр өлкөнү 2040-жылдарга чейин өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясы иштелип жатат. Ага туруктуу өнүктүрүүнүн  глобалдык максаттарынын индикаторлору киргизилет.

«Туруктуу  өнүктүрүүнүн максаттарынын арасында  Кыргызстан үчүн  приоритеттүү багыттардын бири  кедейчиликти кыскартуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, сапаттуу билим берүү жана  саламаттык сактоо, экономикалык өнүгүү, энергетика, айлана чөйрөнү коргоо, парламенттик демократияны. күчтүү жарандык коомду өнүктүрүү. Кыргызстан  Туруктуу өнүктүрүүнүн глобалдуу максаттарын  өнүгүүнүн улуттук өзгөчөлүктөрүн эске алуу  менен жана финансылык мүмкүнчүлүктөргө жараша ишке ашыра баштамакчы»,- деди Алмазбек Атамбаев. –  Ошол эле учурда  биз  социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багытталган программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууда эл аралык уюмдар, финансылык структуралар  колдойт жана көмөктөшөт деп  ишенебиз».

«ХХI кылым – технологиялардын, экономиканын жана климаттын тез өзгөрүшүнүн кылымы. Учурда  мындан 25 жылдан кийин кандай технологиялар пайда болоорун, алардын адам турмушуна жана айлана чөйрөгө кандай таасир тийгизээрин  алдын ала айтыш кыйын. 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын урунтуу компоненти катары санариптик трансформациянын «Таза коом» улуттук программасы кызмат өтөйт. Ал программа  адамдардын потенциалына жана айлана чөйрө менен шайкеш келген инновацияларга негизделген»,-деди Алмазбек Атамбаев. – «Таза коом» программасы БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерриш мырзанын колдоосуна ээ болгондугун жана “Кыргыз Республикасы  демократияны өнүктүрүү боюнча Борбордук Азия аймагында лидер гана болбостон, санариптик экономиканы курууда аймактагы пионер болуп келатат, бул иш, албетте, азыркы дүйнөдө абдан маанилүү”,-деп белгилегендигин  сыймык менен кошумчалай кетели».

Президенттин пикири боюнча  “Таза коомдун” максаттары жана милдеттери  БУУнун Генералдык ассамблеясынын “Биздин дүйнөнү кайра түзүү:  2030-жылдарга чейин  туруктуу өнүктүрүү тармагындагы  күн тартиби” резолюциясына шайкеш келет. Анда  маалыматтык-коммуникациялык технологияларды таратуу жана глобалдуу өз ара тармактарга туташуу адамзат  прогрессинин тездешине, санариптик ажырымды жоюуга, билимге негизделген  коомду калыптандырууга  зор мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп таанылат.

«Таза коом» жана башка стратегиялык милдеттерди ишке ашыруу менен жакын  арада Кыргыз Республикасы  экономикасы өнүккөн, социалдык жактан  бакубат жана коопсуз, агроөнөр жай комплекси жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү өнүккөн өлкөгө айланат деп ишенем»,- деди Президент.

Сөзүнүн акырынды Мамлекет башчысы  2017-жылдын 15-октябрында Кыргызстан  өлкөнүн жаңы Президентин шайлайт, шайлоолор заманбап технологияларды пайдалануу менен таза жана ачык өтөт деп белгиледи. Президент  өз кызматын көңүлү ток калтырып жаткандыгын, Кыргызстан келечеги кең, өнүккөн өлкө болооруна ишенээрин билдирди.

БУУӨПтун  администратору Ахим Штаймер  Уюмда  ишмердиктин көп багыттарында  көптөгөн өлкөлөргө үлгү болуп калган Кыргызстандын жетишкендиктерине  суктануу менен көз салып жатышкандыктарын белгиледи.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *