Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагынан кайсы ооруканага которулганы белгилүү болду

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев КР президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармасынын клиникалык ооруканасында жатат. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Слесарев журналисттерге билдирди.

Анын айтымы боюнча, Алмазбек Атамбаевдин жанында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери турушат. Адвокатка кардары менен жолугушууга уруксат берилген эмес.

“Азыркы учурда Алмазбек Шаршеновичтин ден соолугунун акыбалы тууралуу маалыматым жок. Мага ал менен жолугууга уруксат берилген жок. Бул анын укугун бузуу болуп саналат” – дейт Сергей Слесарев.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев эки тараптуу пневмонияга кабылып, УКМКнын тергөө изоляторунан ооруканага которулганы айтылган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *