Алмазбек Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга Жогорку Кеңештин 100 депутаты макул болду

«Өлөр эчки койчунун таягына сүйкөнөт» дегендей, экс-президент Алмазбек Атамбаев жыл башынан бери Жогорку Кеңешти бир нече ирет «чимкирик» деп шылдыңдаганы маалым. Намысы ойгонгон парламент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу үчүн 13-июнда комиссия түзүп, анын курамына Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев, Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов, Канатбек Исаев, Алмазбек Токторов, Алтынбек Жунус уулу, Бактыбек Турусбеков жана Каныбек Иманалиев кирген.

Депутаттык комиссия бир жуманын ичинде ишин жыйынтыктап, экс-президентке койгон айыбын аныкташы керек эле. Алар аптанын башында маселени эки күн талкуулап, ага Атамбаевдин бийлигинин тушунда соттолуп чыккан саясатчыларга чейин катышып, ой-пикирин билдирди. Эң орчундуу нерсени күч түзүмдөрү айтты. Маселен, Ички иштер министрлигинин Иликтөө кызматынын башкармалыгынын орун басары Мырзалы Жумаев Батукаевдин ишинде Атамбаевдин катышы бар экенин билдирди: «Тергөө учурунда мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов сурак протоколунда «Батукаевди бошотууга Атамбаевдин катышы бар. Тапшырма берилген» деп көрсөтүп жатат» деди.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Иликтөө башкармалыгынын орун басары Сагынбек Самидин уулу экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иштерге байланышы бардыгы боюнча маселени ачыкка чыгарды. Сагынбек Самидин уулу: «Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөнү уюштуруу үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Жазык кодексинин 319-беренеси «Коррупцияга» экс-президенттин тиешеси бар деп материалдар бөлүнүп, Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн» деди.

Мындан сырткары, УКМКнын тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Сагунбек Саймидин уулу Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөө боюнча коррупцияга айыпталып жаткан шектүүлөрдүн арасында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ысымы дагы бар экенин ачыкка чыгарды.. Сагынбек Саймидин уулу: «Массалык маалымат каражаттарына маалымат бергендей иш тергелип, тиешелүү адамдарга айыбы угузулуп, азыркы күндө сотто каралууда. Калган материалдар бөлүнгөн, алардын ичинде экс-президент да бар, тергелүүдө» деди.

Ошондой эле, комиссиянын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев ЖЭКке ташылып келген көмүр коррупциясы боюнча экс-ажо Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бергени ачыкка чыкты. Камакта отурган Осмонбек Артыкбаев Бишкек ТЭЦине көмүрдү мыйзамсыз ташып келген компания менен Алмазбек Атамбаевдин байланышы бар экенин айтканын парламенттин тармактык комитетинде депутат Каныбек Иманалиев билдирди.

Эске сала кетсек, экс-генпрокурор Аида Салянова парламент трибунасынан Алмазбек Атамбаев президент кезинде Бишкек ТЭЦине көмүр ташыган «Прогресс компаниясы» башкаларга караганда көмүрдү 1 миллион долларга кымбат сунуш кылса да колдоп, ал компанияны жеңүүчү кылдырганын билдирген. Бул факты эл арасын да кеңири айтылганы менен тийиштүү органдар тарабынан кулминациялык чекитине жеткирилген эмес. Анткени, барына белгилүү болгондой жогорку жактан бут тосуулар болушу ыктымал.

Комиссия жыйынына Турсунбек Акун киргизилген жок, эл өкүлдөрү Батукаевден акча алганы айтылып жаткан адам бирөөнү күнөөлөгөнү туура болбойт деп чечишти. Жыйында Кеңешбек Дүйшөбаев орчундуу айыптын чекесин чыгарып, аймак аралык кастыкты козутуунун кесепетинен кыргыз экономикасына ири көлөмдө зыян келгенин белгиледи. «Билесиздер Нарын элин эмне деп мазактаганын, Талас элин «эл эмессиңер, Абыке-Көбөштүн тукумдарысыңар, керек болсо силерди Казакстанга өткөрүп бериш керек» деген ыплас сөздөрдү айтып, элибиздин ынтымагына доо кетирген. Буга укуктук да, саясий да баа беришибиз керек. Казакстанга айтылган сөзү, эксперттердин эсеби боюнча экономикага 250 миллиондон 300 миллион зыян келтирилген» деди.

Шейшемби күнү, 18-июнда комиссия өз ишин жыйынтыктап, мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевге алты бөлүмдөн турган оор айыптарды койду. Алар төмөндөгүчө: 1-си, Бишкек ЖЭБин модернизациялоонун жүрүшүндөгү коррупциялык жосундар, 2-си, Тарых музейин оңдоодогу мыйзам бузуулар, 3-сү, Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна катышы, 4-сү, ЖЭБке көмүр сатып алуудагы мыйзам бузуулар, 5-си, Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылындагы 4,6 гектар жерди «Фрунзе Резорт» компаниясына чыгарып берип, анын бир участогун өзү пайдаланышы, 6-сы, Кой-Таш айылындагы жер участкасын сатып алуу маселеси кирди.

Комиссия бул айыптар Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратып, кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз болот деп тапкан соң Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети депутаттык комиссиянын корутундусун парламенттин жалпы жыйынына алып чыгууга макулдугун берди. Кечээ, 20-июнь күнү «Экс-президент Алмазбек Атамбаевди макамдан ажыратуу жана ага күнөө коюу жөнүндө» токтом долбоору сессиянын күн тартибине киргизилип, экс-президентти колтийбестиктен ажыратуу маселе жалпы жыйында талкууланды. Кызыл чеке суроо-жооп, кызуу талкуудан кийин токтом долбоору тараза ташка коюлуп, катталган 105 депутаттын 100ү «макул», 5и «каршы» деген добуш берди.

Эми Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоого негиз тапса, жети күндүн ичинде кайра парламентке кайрылат. Аны Жогорку Кеңештин үчтөн экиси, 80 депутат колдосо мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден кол тийбестик макамы алынмакчы. Кечээки добуш берүүдөн байкалгандай, 3/2 добуш топтолобу деген түйшүктүн жоктугу тастыкталды. Экс-президенттин жоопкерчиликке тартылышына парламенттин 95%ы макул экени ачык билинди. Демек, Башкы прокуратура качан алып келсе, тагдыры дароо чечилмекчи.

Эске салсак, жакында «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдагы экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу 12-берене толугу менен өзгөртүлгөн. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, «экс-президент кызматта турган учурдагы аракети жана аракетсиздиги үчүн жоопко тартылбайт» деген бөлүгү толугу менен алынып салынып, экс-президентти жоопкерчиликке тартуу Баш прокуратуранын сунушу менен Жогорку Кеңеште добуш берүү аркылуу жүзөгө ашырылат деген жобо киргизилген.

Каныбек Иманалиев, экс-президент Алмазбек Атамбаевди колтийбестигинен ажыратып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн түзүлгөн комиссиясынын төрагасы: .

—Эми генераллык прокуратуранын саясий эркин күтөбүз. Жети күндүн ичинде кылмыш ишин козгоого негиз бар же жогун аныктап чыгышы керек. Эгер андай негиз бар болсо Атамбаевден колтийбестикти алуу маселеси талкууланат. Ал маселе добушка коюлуп, 80 добуш алалбай калса, анда парламент таркоого туура келет. Себеби, алар өздөрү демилгелеген маселени аягына чыга албай калат. Комиссиянын иши боюнча айтсам, биздин козүбүз жетти жана ишендик, экс-президент Атамбаев кызматын аткарып турганда маалда өз укугун кыргыз элинин кызыкчылыгын коргоого жана камсыз кылууга эмес, өзүнүн жеке баюусуна, саясий оппоненттеринен өч алууга пайдаланган.

Дүйнөлүк практикада өлкөнүн кылмыш кылган экс-президенттери камалган фактылар бар. Кыргызстандын экс-президенти камалбасын деген каякта жазылыптыр?

Алмаз Токторов, экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн түзүлгөн комиссиясынын мүчөсү:

—Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында түзүлгөн комиссияга 7 күндүк мөөнөт менен бекитип берген, ошол мөөнөттө иликтеп, чечим чыгарып бердик. Комитет карады, жалпы жыйында талкууланып, Башкы прокуратурага жөнөтүлдү. Алар үч айга чейинки аралыкта иликтейт. Мүмкүн үч күндө кайра алып келиши ыктымал, минималдык мөөнөтү каралган эмес. Ошондо негизги маселе чечилет. Экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу үчүн 80 депутаттын добушу керек болот.

Зулпукаар Сапанов

Булак: “Де-Факто”

 

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *