Алмазбек Атамбаевдин жана “Апрель” телеканалынын адвокаты аларга коюлган доону лингвистикалык экспертизага жөнөтүүнү суранды

Бүгүн, 15-февралда Бишкектин Октябрь райондук сотунда экс-депутат Ахматбек Келдибеков экс-генпрокурор Азимбек Бекназаров жана УКМКнын мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин “Апрель” телеканалы менен экс-президент Алмазбек Атамбаевге койгон доо арызы каралып жатат.

Соттун жүрүшүндө телеканал менен экс-президенттин адвокаты айтылган сөздөрдү атайын лингвистикалык экспертизадан өткөрүүнү суранды. Адвокаттын айтымында лингвисттердин чечими коюлуп жаткан доо үчүн зарыл экенин айтты. Бул сунушка доочулар каршы чыгышып, сот суранычты ачык калтырды.

Эске сала кетсек, Алмазбек Атамбаев “Апрель” телеканалына берген интервьюсунда Ахматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшебаевдерди “кузгундар”, мыйзамсыз байыгандар деп атаган, коррупционерлер катары сүрөттөгөн. Бул үчүн аты аталган адамдар экс-президентти беделине шек келтиргени үчүн сотко беришкен эле.

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *