Алмазбек Каримов, коомдук ишмер: “КСДП кандай жол менен болсо да, бийликти сактап калуунун айласын издейт”

– Алмабек мырза, кандай максат менен КСДП Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин президенттик шайлоого сүрөөгө токтолушту?

– Президенттик шайлоого карата ар бир партия өз талапкерин сунуштап жатышат. Бирок, КСДП бийликтин партиясы болгондуктан, алар Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигине токтолушту. Менин оюмча президенттикке талапкерлерден азыркы спикер, Иса Өмүркулов, Канат Исаев жана Жээнбековдордун фамилиясы талкууга алына баштаган. Бирок, Саясий кеңеш негедир Жээнбековдун талапкерлигине токтолуптур. Менимче, Жээнбеков президент болуп шайланып калса кийинки алты жылдык КСДПнын саясаты бул талапкер каалаган нукта болот. Анткени, жаңы Конституция боюнча экономикалык блок премьер-министрдин колунда. Президент болсо, нотариустай эле күч органдарын колго алат. Ошондуктан, маселе президентте эмес, премьер министрде болот. Башкача айтканда, кыргыз мамлекетинин экономикасы да, ички-тышкы саясаты да премьер-министрге байланыштуу болот.

– “Азыркы президентАтамбаев премьер-министр болуп калышы мүмкүн”- дегенге ишенсек болобу?

– Эл арасында Алмаз Атамбаев өзү премьер-министрлик кызматты мелжеп жатат деген жоромолдор бар. Эгер ал нерсе ишке аша турган болсо, 2010-жылкы кландык системанын уланышы болуп калат. Келечекте биз өнүгүүдөн да, өзгөрүүдөн да үмүтүбүздү үзүп койсок да болот. Анткени, КСДП жеке оюнда “биз Кыргызстанды жыргаттык, өнүктүрүп-өстүрдүк” деп ойлоп жатышат. Бирок, чынында КСДП кандай партия экенин, мамлекеттин өнүгүшүнө кандай салым кошконун эл жакшы билет. Ошондуктан, колдобойт. Экинчи жагынан түндүк-түштүк фактору ойноп жатат. “Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин түштүк колдойт” деген ойдо, элдин башын айлантып, баягы былжырак саясатты ишке ашыра башташты. Чынында алар ойлогондой болбойт. Анткени, эл бөлүнбөйт. Болгону, “эптеп көбүрөөк колдоо табайын, элимдин добушун толук алайын”- деген саясатчылардын айынан элди экиге бөлгөн саясат орун алып жатат. Айтайын дегеним, мына ошол адамдардын кесепетинен шайлоодо түштүк-түндүк деген ажырым тереңдейт. Болбосо, башка мезгилде элде андай маселе деле жаралбайт. Бу сапар да кыргыз эли кимге ишенээрин билет деп ойлойм. Анткени, элди бөлүп-жарып максатына жетем дегендер жеңишке жетпейт. Кудай буюрса, шайлоо таза болуп, кореецтер аппаратынын кнопкасын басып, жасалма шайлоо өткөрбөсө, анда бийлик ишеним артпаган талапкер утат деп ойлойм.

– Бирок, Сооронбай Жээнбековду жакындан билгендер аны лидер эмес, айтканды гана аткарган адам деп жатышат го. Жетеленме адам кантип президент болот?

– Бийликти вертикалдан башкаруу өтө терең ойлонулган. Ошон үчүн Сооронбай Жээнбековдун артынан альтернативдүү башка талапкерди чыгарышы мүмкүн. Анткени, бийлик максатына жетип, өз кишисин колдотуш үчүн элдин нааразычылыктарын Сооронбай Жээнбековго калтырып, башка талапкерди шумдук таза адам, мыкты иштейт деп элди алдап, колдоого алдырып коюшу мүмкүн. Себеби, КСДП кандай жол менен болсо да, бийликти сактап калуунун айласын издейт.

Булак: “Майдан.kg”

1 ой-пикир

  • Ала-Тоо says:

    Сооронбай Шарипович, жуткунган алдым жуттум коммерсанттарга караганда татыктуу талапкер деп ойлоймун. Карышкырды канча бакпагын, ал дайыма токойду карайт деген кеп бар. Эгерде коммерсант бийликке келсе ал биринчи кезекте өз чөнтөгүнүн камын ойлойт. Бул табигий көрүнүш.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *