Алмазбек Каримов, коомдук ишмер, президенттикке экс-талапкер: “Бийлик ээлери кайгынын үстүнөн элине кастык кылып жатышат”

– Алмаз мырза, акыркы мезгилде президенттик шайлоону өткөрүү мөөнөтү боюнча эки ача пикирлер пайда боло баштады. Президенттик шайлоо ноябрда өтсө, президент Конституцияда жазылган мөөнөттөн ашыкча отуруп калабы?

– Президенттик шайлоонун болоор күнүн БШК аныктаган. Бирок, “Ата Мекен” партиясы оппозиция катары белгиленген күндү “туура эмес” дешүүдө. Чынында бир ай кечигип кетсе деле эч нерсе өзгөрбөйт. 1-декабрда ант бердиби, ошол мезгилде ыйгарым укуктарын тапшырат. Бир айды нары-бери деп чуу чыгаргандын зарылчылыгы жок деп ойлойм. Себеби, биз качан эле мыйзамдын негизинде иштеп жүрдүк эле. Биз башталганда эле ээрге туура эмес отурбадык беле. Мыйзам иштейби, иштебейби, бир ай кечигеби президент кетет. Маселе анын ордуна ким келгенинде. Негизи мындай принципиалдуу жерлерде эч качан мыйзам иштебейт. Башкача айткнада, президент кандай команда түзсө, ошого жараша мыйзам иштейт.

– Эме үчүн Текебаевдин камактагы мөөнөтү дагы бир айга узарды, же бийлик камап алып, аларды чыгара албай жатабы?

– Текебаев саясый атаандаштыктын кесепетинен камалып жатат. Бир ай бүткөндөн кийин дагы жүйөлүү себептерди таап, камоо мөөнөтүн дагы узартат. Кыскасы, шайлоого катыштырбайт. Себеби, отурган сайын Текебаевди колдоочулары көбөйүп, ал чоң күчкө ээ болуп бара жатат. Ошондуктан, мүмкүн болушунча көбүрөөк камашат. Анткени, Текебаевдин күнөөсү далилденбей калса, ал өтө чоң атаандаштыкты түзөт. Ошондой эле анын тегерегине таасирдүү делген саясатчылар чогула баштайт. Ошондуктан, анын мүмкүн болушунча камап, шайлоого чейин чыгарбай, камоо мөөнөтүн созушат.

– “Бийликти басып алмак” деген шек менен камалып, 12-20 жылга кесилген оппозиционерлердин жазасы неге жеңилдетилген жок?

– Бул чечим саясый чечим болду. Башкача айтканда, аудиозапистин негизинде жүргөн сот процесси болду. Ошон үчүн ушундай чечим чыкты. Чынында 20 жылга кесүү өтө көп убакыт. Бирок, саясый кырдаал бир нукка түшкөндөн кийин булардын мөөнөтү кыскарышы мүмкүн. Бул айтылышы оор болгону менен убактылуу эле нерсе. Бирок ошентсе да мындай чечимди башка адамдарга “сигнал” кылыш үчүн чыгарышкан. Ошондуктан, саясый кырдаал бир нукка келсе, жазалары жеңилдеши, ал тургай чыгып кетиши да мүмкүн.

– Эмне үчүн камакка алынган саясатчылардын сотторун жабык эшик артында өткөрүү модага айланып баратат?

– Сот мыйзамды жатка билсе да, ал жогору жактан алган тапшырманы аткарып, сотторду жабык эшик артында өткөрүп жатышат. Маселен, соттор Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовду мезгилинде актап койгону үчүн эртеси күнү жумуштан кетишкен. Ошондон кийин соттор “кызматыбыздан айрылып калбайлы”- деп жогору жак каалаган чечимди чыгарып, кызматтарын сактап калуунун аракетин көрүшөт.

– Акыркы мезгилде” конфискациялоо” деген болуп көрбөгөндөй ишке аша баштады. Башкача айтканда, бүгүн президентти сындагандардын үй-мүлкү да конфискациялана баштады. Чолпон Жакупова президентти сындап койгон үчүн үйү конфискациялансын деген соттун чечими чыкты. Бул жагдай эмнеден кабар берет?

– Бул өтө туура эмес кадам. Башкача айтканда, жеке менчикти сыйлабоо дегенди түшүндүрөт. Чынында мамлекет биринчи кезекте мыйзам менен жеке менчикти коргошу керек. Болбосо мамлекет эч качан өнүкпөйт. Европада, Америкада эл “жеке менчигибизге тийбегиле” деп бийликке шарт койгон. Анткени, жеке менчик ыйык нерсе. Аны эч ким тартып албашы керек. Тилекке каршы, акыркы мезгилде жеке менчикти тартып алган адатка айланып баратат. Башкача айтканда мамлекет кол алдындагы чөнтөк соттун чечими менен бийликтин бир бутагында отурган прокуратура жана башкалар каалаган убакта өздөрүнө ылайык чечимди чыгартып, сенин менчигиңди тартып алууну адатка айлантып баратат. Чынында президентти сындап койгон үчүн Чолпон Жакупованын үйүн конфискацияланышына каршымын.

– Нариман Түлеев түрмөгө жатты. Келтирилген чыгымды төлөдү. Бирок, ага карабай минтип, өзүнө эле эмес, жакындарына да тиешелүү соода борборлорун мамлекет тартып ала баштады. Неге бийлик Нариманга ушундай катаал чара колдонуп жатат?

– Нариман келтирилген чыгымды төлөп берген үчүн эркиндикке чыкты. Мамлекет ага карабай жогоруда айткан чөнтөк соттун чечимдери менен соода борборлорун тартып алып жатат. Эми мамлекетке соода борборлорунун кереги барбы деген маселе жаралат. Менимче мамлекеттин менчигине өткөн соода борборлорун мамлекет аукцион кылып, ачык сатыкка коёт. Бирөөнүн менчигин мамлекет сатыкка койгондон кийин аны таза бизнесмен сатып албайт. Башкача айтканда, өз мээнети менен акча чогулткан адамдардын бири да сатып албайт. Себеби, ал бирөөнүн менчиги, аны карапайым адамдар түшүнөт. Ошон үчүн сатып албайт. Бирок, аны чиновник түшүнбөйт. Ошондуктан ачык сатып албаса да, жең ичинен бир чиновник сатып алып, башка бирөөлөргө каттаттырып коёт.

Менин кейигеним кризис болуп, эл кыйналып жатса, булар бизнес чөйрөсүн кайрадан бөлүштүрүү системасына баратат. Бул ачык эле рейдерчилик. Бул бийлик мындай аракетин “Вечерний Бишкектен” баштаган. Мындай рейдерлик басып алуулар бир адамдын кызыкчылыгын ишке ашыруу үчүн болуп жатат. Ал өтө чоң чиновник болушу мүмкүн.

– Нариман Түлеевдин тагдырын дагы башка чиновниктер кайталап калышы мүмкүнбү?

– Мындай нерселер сөзсүз болот. Себеби, “ак ийилет, бирок, сынбайт”. Буларды мыйзамдын негизинде карай турган болсок, көп нерселер мамлекетке карайт. Ошондуктан мамлекеттеги көп нерселер, рейдерлик жол менен алынган имараттар ээлерине кайтышы керек. Ошон үчүн келечектеги президент мамлекет рейдерлик жол менен тартып алган имараттарды ээсине кайтарып берет деген көз караштан алысмын. Себеби кийинки президенттикке чөнтөгү калың олигарх келет. Ал азыркы система менен иштей берет. Ошондуктан, революциялык жолго алып келет деп айтып жатам. Бул система менен кете берсек, Кыргызстан мамлекет катары жок болуп кетет. Себеби, менчикти тартып алуу туңгуюкка алып келет. Бул өтө татаал нерсе. Эгерде соттор көз каранды болбогондо мындай ыплас нерселер ишке ашмак эмес. Парламентти, президентти эл шайлагандай адамдын тагдырын чечкен сотту эл шайласа соттор чиновниктерге жан тартып, алар үчүн өзүнчө чечим чыгармак эмес.

– Айрымдар Нариман Түлеевге жасалган мамиледен кийин Кыргызстандагы бизнесмендер акырындык менен бизнестерин чыгарып кетпейби?

-Азыр айрым бизнесмендер топтогон акчасын башка мамлекеттерге инвестиция кылып салып жатышат. Мамлекет жеке менчикти тартып алган үчүн бизге инвестор келбейт. Бизнесмендер да акчасын салбайт. Анткени, бийликтегилер каалаган убакта жолун таап тартып алышат.

– Президенттик шайлоодо акчалууларды тандашыбыз керекпи же “эл үчүн иштеп берем” деген программасы барларына басым койгонубуз оңбу?

– Президенттикке кандай адам келсе да кырдаал революцияга алып келет. Анткени, элдин жүгүн көтөрүп, “башымды сайып иштеген президент болом” дегендердин арасында мамлекетти чындап ойлогон адамды көрө элекмин. Башкача айтканда, баары кландык уюмдар. Олигархтар. Булардын аттарын атабасак деле билесиздер. Ал эми президенттикке чыгаары айтылып жаткан Сапар Исаков – бийликтин долбоору. Бакыт Төрөбаевдин аягына чейин барганга күчү жетпейт. Менимче орто жолдон соодалашып, кандайдыр бир кызмат алууга макул болот. Кыскасы, президент болом дегендердин “келечекте Кыргызстанды туңгуюктан кантип чыгарам?”- деген оюу жок. Ошон үчүн кимиси президент болсо да, азыркы система менен гана иштешет. Себеби, кландар, кландык башкарууну жактыргандар. элдин байлыгын ээлеп алган олигархтар бийликти ушул эле жол менен алып кеткилери келет. Бирок, ушул системанын өзү революцияга жол ачат. Элди туңгуюкка кептейт.

Бирок, эмнегедир азыр революция деген сөздөн коркуп, “мамлекетибиз көтөрө албайт, мамлекетибизди жок кылып алабыз”- деп жатабыз. Бирок, мен ошол “революция болот” дегендердин катарындамын. Себеби, революция деген сөздөн коркпош керек. Сөздүктү ачып көрсөңүз революция деген сөздүн түшүндүрмөсү жазылган. Анда коомдун жашоосу, адамдын социалдык турмушу, айлыгы түп тамырынан бери өзгөрүш керек деп турат. Демек, революция деген сөздөн коркпошубуз керек. Революция деген соө “жаңы жолду тандоо” дегенди билдирет. Биз болсо, эки жолу революция кылдык. “Эч нерсе өзгөргөн жок”-деп түңүлүп жатабыз. Чынында эки жолу революция болгону менен элита алмашкан жок да. Элита алмашып, олигархия кетпегени үчүн система алмашпай, баягы эле элдин жонунан кайыш тилген жашоо уланып жатат да. Ошон үчүн азыркы кырдаалдын өзү революциялык жолго алып баратат деп айтып жатам. Кыскасы, келечегибиз бүдөмүк болуп, “тупой” башкарууну баштан кечирип жатабыз. Мына ушул жагдайдын өзү мен айткан маселеге түртүп жатат.

– Эркин Мамбеталиевдин жан сакчылары камакка алынып, өзү тинтүүгө туш болгону эмнеден кабар берет?

– Президенттин тегерегинде кандайдыр бир топтор пайда болгон. Президент өзү “мураскер калтырбайм” деп жатат. Президенттик тегерегиндеги топтор кандайдыр бир деңгээлде президентке жагынуу үчүн компромат издей баштады. Ошол топтордун согушу Эркин Мамбеталиевди да чымчып өттү.

-Компроматтар согушу кимдир бирөө үчүн ийгилик алып келиши мүмкүнбү?

– Компроматтар согушу кандайдыр бир күчкө ээ болушу мүмкүн. Бирок, кайсыл топко кандай чечим кабыл алуу тагдыры бир гана адамдын колунда. Кимге жан тартат. Кимди эсепке албай коёт аны убакыт көрсөтөт.

– Өзгөндөгү кырсык кооптуу аймакта жашагандардын жүрөгүн болк эттирди. Анткени, кооптуу жайда турабыз деп коңгуроо кагып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылса, алар камсыздандыруу компаниясына жөнөтөт. Бирок, камсыздандыруу компаниясы кооптуу аймакта жашагандарды камсыздандыруудан баш тартышат экен. Кооптуу аймакта жашагандардын маселесин ким чечиши керек?

– Бул жерде бийликти актоонун кереги жок. Ошол кырсык болгон жерде жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү отурат. Ошол жердеги жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жер трансформацияга берилип жатканда эмне үчүн техникалык чечим чыгарышкан эмес деген маселе жаралат. Ал эле эмес, 80 пайыз элде Кызыл китеп жок. Аталган компания камсыздайм деген күндө да документи жок камсыздандыра албайт. Кыскасы, элдин гана шору. Эч ким берилген кызматты жоопкерчиликтүү аткарган эмес. Ошон үчүн эл ушундай абалга кептелип, бири сел коркунучуна кептелсе, экинчиси жер көчкү коркунучунан кооптонуп жашап жатат. Кыскасы, кыргыздарды кудай эле сактап келе жатат.

– Дача СУдагы кырсыкка элден чогулган каражаттан өкмөт “9 миллион сарптаганбыз” деп алып койгону туура эле болдубу?

– Туура болмок турсун, анекдот болуп калды. Өкмөттүн акча алганын кой, жабыр тарткан элге 50 миң сомдон араң бериптир. Кыргыз эли чогултуп берген нерсени да ээсине жөн жеткирбей, жогору жактагылар трагедиянын үстүнөн элине кастык кылып жатышат.

Булак: “Майдан.kg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *