Алты жолу коло жеңген Абакир ага

Хорватия өлкөсүнүн Пореч шаарында ардагерлер арасында самбо боюнча дүйнө мелдеши бүгүн 20-октябрь күнү башталат. Кыргызстандан 9 балбан аттанып кетти. Анын ичинде эң кадыр-барктуу спортчу катары дүйнө чемпиону (2009), күмүш медалдын ээси (2013) жана 6 жолку коло медалды багынткан Абакир Рысов агабыз бар. Быйыл 100 килограммдан жогору салмак ченинде күрөшкө аттанат.

68 жаштагы Абакир Рысов ардагерлер арасындагы мелдешке биринчи жолу 2000-жылы Германия өлкөсүндө өткөн дүйнөлүк мелдешке катышкан. Анда эркин күрөш боюнча күч сынашып, байгелүү 3-орунга бир кадам жетпей 5-орунда калган. Ардагерлер арасындагы мелдеште биринчи жолу коло медалды 2004-жылы Тажикстанда өткөн дүйнөлүк биринчиликте жеңип алган. Ал эми дүйнө чемпиондугун Латвиянын Каунас шаарында жеңип алганын билебиз. Абакир агабыз ошондо 61 жашта болчу. Финалда дзюдо боюнча дүйнөнүн 8 жолку чемпиону россиялык палванды утуп алган. Ушу жерден бир нерсени кошумчалап кетким келет. 1976-жылы дзюдо боюнча СССРдин чемпионатына тең келген Устин оюндарында азыркы Россиянын президенти В.Путинди көргөн экен. Ал жеңил салмакта болгондуктан экөө бир күрөш килеминде кездешпептир. Кармаша кеткен болсо, жыйынтыгы кандай болмок, белгисиз. Абакир аганын эскерүүсүндө ошондо экөө тең байгелүү орундарга жеткен эмес экен. Эки жолу ардагерлер арасындагы дүйнө мелдешинде эркин күрөш боюнча күчүн сынап, кийинки мелдештерде самбо боюнча гана барып турган. Акыркы жылдары ардагерлердин саны арбын болуп, аты ай ааламды сапырган, кадыр-барктуу балбандар да катыша баштаганын дагы бир жолку баарлашуубузда айткан эле. Эми бу жолкусу кандай болот, кимдер менен карсылдашат, азырынча белгисиз. Кандай болгон күндө да Абакир агабызга ийгилик каалап дүйнө чемпиону болуусун каалап кетели.

Булак: Азия Ньюс

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *