Алты жылда айыпталып абакка кесилгендер жана кесилбей кутулуп чыккан аткаминерлер

Алты жылда, тагыраак айтканда 2010-жылдан берки коррупция менен болгон күрөштө коррупция беренеси боюнча кимдерге кылмыш иши козголгондугун жана өлкөгө башаламандык уюштуруп, бийликти басып алууга аракет көргөндөр кандай жаза алгандыгын элдин эсине салуу аракетинде “Азаттык” радиосу жакшы маалымат даярдаптыр. Ошону эч өзгөртпөстөн сиздерге сунуштоону туура көрдүк…
1.
Дастан Сарыгулов, КРнын мурдагы мамлекеттик катчысы
Бийликти басып алууга айыпталып, 4 жылга шарттуу кесилген.
2.
Бекболот Талгарбеков, мурдагы айыл чарба министри
Мамлекеттик төңкөрүш жасоо айыбы боюнча 14 жылга кесилген.
3.
Ушундай эле жазага активист Төрөбай Колубаев тартылган.
4.
Бектур Асанов, экс-депутат
Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу беренеси боюнча 12 жылга кесилген.
5.
Бул иш боюнча көз карандысыз эксперт Эрнест Карабеков 20 жылга кесилген.
6.
Кубанычбек Кадыров, экс-депутат
Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу боюнча 12 жылга кесилген.
7.
Тойгонбек Калматов, экс-депутат
Мамлекеттик төңкөрүш жасоо айыбы боюнча 6 жылга шарттуу кесилген.
8.
Марат Султанов, Бишкек шаардык сотунун мурдагы төрагасы
Мамлекеттик төңкөрүш жасоо айыбы боюнча 10 жылга кесилген.
9.
Камчыбек Ташиев, экс-депутат
Бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен 1, 6 жылга соттолгон. Соттуулугу алынган.
10
. Талант Мамытов, депутат
Бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен бир 1 жылга соттолгон. Соттуулугу алынган.
11
. Садыр Жапаров, экс-депутат
Бийлик өкүлүн барымтага алууну уюштуруу айыбы менен 11, 6 жылга эркинен ажыратылган.

Коррупция жана кызматтык кылмыштар боюнча жазага тартылгандар
1.
Равшан Сабиров, мурдагы социалдык өнүктүрүү министри
Пара алууга айыпталып, 5 жылга эркинен ажыратылып, мунапыс берилген.
2.
Ушундай эле коррупциялык негизде дал ошол учурда социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Гүлнара Дербишовага да кылмыш иши козголгон.
3.
Учкунбек Ташбаев, мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинин мурдагы башчысы
Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп, 5 жылга жатак абакка кесилген.
4.
Нариман Түлеев, Бишкек шаарынын мурдагы мэри
Коррупцияга айыпталып 11 жылга кесилип, зыянды мамлекетке төлөп берип, абактан чыгарылган.
5.
Урмат Аманбаева, экс-депутат
Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу айыбы менен 9 жылга кесилип, зыянды мамлекетке төлөп берип абактан чыгарылган.
6.
Ахматбек Келдибеков, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы
Коррупцияга айыпталып, 10 миллион сом төлөө милдеттендирилген, соттуулугу алынган.
7.
Райкан Төлөгөнов, экс-депутат
2010-жылдагы талап-тоноо фактысы боюнча 15 жылга кесилген.
8.
Мелис Мырзакматов, Ош шаарынын мурдагы мэри
Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу айыбы менен иш козголуп, сыртынан 7 жылга кесилген.
9.
Данияр Нарынбаев, президенттик аппараттын мурдагы башчысы
Коррупция боюнча 3, 5 жылга кесилип мөөнөтүнөн мурда бошогон.
10.
Хаджимурат Коркмазов, экс-депутат
Коррупция боюнча кылмыш иш козголуп, 1, 5 жылга кесилип, мөөнөтү аяктаган.
11.
Өмүрбек Текебаев, экс-депутат, “Ата Мекен” партиясынын лидери
Коорупцияга айыпталып, 8 жылга кесилген.
12.
Дүйшөн Чотонов, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри
Коррупцияга айыпталып, 8 жылга кесилген.
13.
Аида Салянова, депутат, экс-башкы прокурор
Юстиция министри кезинде кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып, 5 жылга кесилип, жазасын кийин өтөө чечими чыккан.
14.
Алмамбет Шыкмаматов, депутат
Коррупцияга айыпталып, 5 миллион сом айып пул салынган.
15.
Игорь Чудинов, депутат, экс-премьер министр
Коррупцияга айыпталып, 5 миллион сом айып пул төлөө милдеттендирилген.
16.
Карганбек Самаков, экс-депутат
Коррупцияга айыпталып, 10 жылга соттолгон.
17.
Искендербек Айдаралиев, мурдагы биринчи вице-премьер министр
Коррупция боюнча 5 миллион сом айып пул төлөө милдеттендирилген.
18.
Арстанбек Ногоев, Бишкек шаарынын мурдагы мэри
Бишкектин айланасындагы жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо айыбы боюнча сыртынан 10 жылга кесилген.
19.
Таалайбек Өмүралиев, мурдагы коргоо министри
Кызмат абалынан ашыкча пайдаланган деген айып менен 5 миллион сом айып пул салынып, генерал-майор чининен ажыратылган.
20.
Канатбек Исаев, депутат
Коррупцияга айыпталып, 12 жылга кесилген.

 Коррупция жана кызматтык кылмыштар: иши кыскартылгандар, акталгандар
1.
Замирбек Эсенаманов, мурдагы жаратылыш ресурстар министри
Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, сот актаган.
2.
Исхак Пирматов, депутат
Коррупциялык иштери үчүн кылмыш иши козголгон. 5 – чакырылыштагы парламент жоопко тартууга уруксат берген эмес.
3.
Элмурат Обдунов, экс-депутат
Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. 5-чакырылыштагы парламент жоопко тартууга уруксат берген эмес.
4.
Иса Өмүркулов, депутат, Бишкек шаарынын мурдагы мэри
Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок кандайдыр бир себептер менен экс-мэр жоопко тартылган эмес.
5.
Курманбек Осмонов, мурдагы депутат, мурдагы вице-премьер министр
“Кумтөр” кени боюнча өлкөгө пайдасыз келишим түзүүгө катышкан деген негизде иш козголуп, мөөнөтү боюнча кыскартылган.
6.
Болот Абилдаев, мурдагы финансы министри
“Кумтөр” кени боюнча өлкөгө пайдасыз келишим түзүүгө катышкан деген негизде иш козголуп, кыскарган.
7.
Темирбек Акматалиев, мурдагы өзгөчө кырдаалдар жана экология министри
“Кумтөр” кени боюнча өлкөгө пайдасыз келишим түзүүгө катышкан деген негизде иш козголуп, мөөнөтү боюнча кыскартылган.
8.
Аскарбек Шадиев, учурдагы биринчи вице-премьер министр, мурдагы энергетика министри
Ишиндеги шалаакылык үчүн кылмыш иши козголуп, сот актаган.
9.
Тайырбек Сарпашев, мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы
Ишиндеги шалаакылык боюнча кылмыш иш козголуп, кыскартылган.

Издөө жарыялангандар
1.
Нурлан Сулайманов, мурдагы Транспорт министри, коррупция айыбы менен иш козголуп, издөө жарыяланган.
2.
Шералы Абдылдаев, мурдагы мамлекеттик мүлк министри
Коррупция айыбы менен иш козголуп, издөө жарыяланган.

Иши тергөөдөгүлөр:
1.
Акылбек Жапаров, депутат
Коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
2.
Музаффар Исаков, депутат
Коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
3.
Өмүрбек Бабанов, экс-депутат
Конституциялык түзүлүштү бузууга чакырык жасаган жана улут аралык кастыкты козуткан деген айып тагылууда.

P.S. 2010-жылдагы апрель окуясы боюнча жоопко тартылгандар тизмеге киргизилген жок. Аларды кийинки сандарыбызда тизмектеп бермекчибиз.

Булак: Фабула 

1 ой-пикир

  • Исхак Пирматовду ата мекен сасык партиясы жалган материалдарды жабыштыргысы келген бирок жабышпай калган а так озу Кыргызнефтегазда таза ищтеген жана корсоткучтор жакшы болуп темирдей тартип болгон Султановго окшогон уурулар кирер жерине кирип кетишкен

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *