Алтынбек Сулайманов спикердин ичи тардык кылганына нааразы болду

Спикер депутаттарга мектеп окуучуларындай мамиле жасабашы керек. Мындай пикирин “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.

“Чыныбай Акунович, сиз бизге сөз бербей, мектеп окуучуларындай кылып кайра-кайра кол көтөртүп жатасыз. Баягы педагогдук ишмердүүлүгүңүздөн чыга албай жатат окшойсуз. Бизге андай мамилеңиз жарабайт. Ичи тардык кылып, табло бербей жатасыз”, – деди Сулайманов.

Бул сөзгө териге түшкөн төрага: “Сөзүңүздү ойлонуп туруп, анан сүйлөңүз. Мен ичи тардык кылган жокмун. Өзүңөр ордуңарда отурбай, ар кайсы жакта басып жүрөсүңөр деп”, – кобуранып алды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *