Алтынбек Сулайманов, ЖК депутаты: “Түтүн аз келгенсип, эми вирус коркутуп баштады”

Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов өзүнүн “Instagram” баракчасына бетине маска тагынган сүрөтүн жайгаштырып, анын алдына: “Смог (кара түтүн) аз келгенсип, эми вирус коркутуп баштады”,- деп куш тилиндей кыска пост жазды.

Анын алдына толтура пикирлер айтылды, айрымдары: “Силер ушинтип жатсаңар, карапайым эл эмне болот?” десе, кээ бирлери: “Жаныңарды сактабай, андан көрө чек араны жапкыла!” – деп жазгандар да болду.

Эске сала кетсек, элди ызы-чууга түшүргөн коронавирус илдети Кытайда чыгып, ал тездик менен жайылып, Кытайдын өзүндө эле 2300дөй киши ооруга чалдыгып, өлгөн адамдардын саны 80ге жеткен. АКШда, Таиландда, Түштүк Кореяда, Австралияда, Канадада жана Францияда коронавирус жугузган адамдар аныкталганы маалым болгон.

Ал эми бизде, Кыргызстанда катталбаганын Саламаттык сактоо министрлиги байма-бай айтып келет. Бүгүн, 27-январда аталган министрлик коронавирус боюнча ыкчам байланыш кызматы ачылганын билдирген. Ошондой эле, бүгүн КРнын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев да бул илдет Кыргызстанда катталбаганын расмий билдирсе, биздин ТИМ “Коронавирус”  тараган Ухань шаарында 50 кыргызстандык бар экендигин жана алардын саламаттыгы жакшы экендигин билдирген. Өкмөт болсо, «Кыргызстанда коронавирус катталды» деп социалдык тармактарга тараган маалымат чындыкка дал келбесин баса белгилеп, коомчулукту жалган маалыматты таратпоого чакырган.

Коронавирус деген эмне?

Эл ызы-чуу болуп, коркуп жаткан “Коронавирус” деген оору эмне? Жалпак тил менен айтканда, анда отуздан ашык вирус камтылат, ошол адамдын денесине кеңири жайылып, сасык тумоодон баштап, ичеги-карындын оорушуна чейин алып келет. Жөтөлүп, тамагы ооруп, башы айланат жана температурасы көтөрүлөт. Клеткага кирген вирус анын цитоплазмасында көбөйөт, ал иммунитетти алсыратып, инфекция менен күрөшүүгө тоскоолдук жаратып, дем алууну кескин кыйындатат. Ошондон улам, адамдар өлүмгө чейин дуушар болот.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *