Алтынбек Сулайманов, ЖК депутаты: “Эки айдан бери иштебеген таксисттер эмне үчүн патентке 1200 сом төлөшү керек экен?”

“Эки айдан бери адамдар жумушсуз калышты. Андан кийин таксисттерге, чач тарачтарга иштөөгө уруксат берилди. Жумушка чыккан күнү патент талап кылышты” – деп билдирди бүгүн, 12-майда депутат Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана ЖКнын Регламенти боюнча комитетинин жыйынында.

“Таксисттин 5 литр бензинге акчасы жок. 5 литр бензин куюп, иштеп, андан кийин жумушун акырындык менен улап кетейин десе, “патентиң жок, 1200 сом төлөмөйүн чыкпайсың” деп жатышат. Бул кандай? Бутуна туруп алышы үчүн жок дегенде 2 ай каникул бербейсиңерби? Мага Караколдон жазышты. Мындай факт болгон” – деп депутат премьер-министрге кайрылды.
“Мен бул маселени териштирейин. Мурун иштеп жүргөн патенти болсо, ошол менен иштей берсин деп айтканбыз” – деди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.
“Жок, бардыгын мажбурлаптыр. Салык кызматына кудай берди, бюджетти толтура албайбыз деп. Бул кандай мамиле? Азыр булар жалганды айтат, териштириңиз” – деди депутат Алтынбек Сулайманов.
https://www.youtube.com/watch?v=EEcOAeArZns&t=15s
Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *