Алтынбек Жунус уулу, ЖК депутаты: “Кытай берген 1 млрд долларга темир жол салалы десек, бизди Атамбаев “эл душманы” кылган…”

– Алтынбек мырза, жолдорду куруудагы көйгөйлөр боюнча комитетте жакшы маселе көтөрдүңүз. Жолдор сапаттуу салынышы үчүн сиздин оюңузча кандай иштер жасалууга тийиш?

– Биз мыйзам түрүндө жол курулуп бүткөндөн кийин кепилдик мөөнөтүн 3 жылдан 5 жылга чейин көтөргөнбүз. Азыр куруучулар «ал нормага чыдай албай жатабыз» дешүүдө. Аларга минтранс болушуп атат. Эмне үчүн чыдабайт? Себеби, жол курулуп жатканда сапатына биринчи күндөн баштап аралашыш керек. Лаборатория күнүгө пробаларын алып текшерип, эгер туура эмес болсо сыйрытып, кайра салдырып. Биз көргөн эң үстүңкү катмары, ага чейинки негиздери начар бүткөн үчүн сапатсыз болуп жатат да. Мына, альтернативалык жол салынууда. Анын долбоорун чийген биздин долбоорлоо институту, техникалык көзөмөлдөөгө алган да кайра эле долбоорлоо институту. Бул мыйзамды түздөн-түз бузуу. Бирок, ага карабай эле иштеп жатышат. Долбоорлонгон мекеменин бир жери туура эмес болсо, текшерген мекеме айтыш керек «мобу жери туура эмес» деп. Анан долбоорду түзгөн өзү болсо, кантип айтмак эле? Ал жерде көп көз жумдулар болгон. Ошон үчүн сметалык наркы кымбаттоодо. Түндүк-түштүк жолунун алар көзөмөлдөгөн жери дээрлик 700-800 млн. долларга чыкты. Эмне үчүн? Биз көрбөгөн соң «мобу жерде тоо бар болчу, биз аны алдык» деп оформить этип койсо, кантип далилдейсиң? Коррупциялык схемалар болушу мүмкүн. Дагы бир факты: Талас-Тараз жолун салууда асфальттын үстүңкү катмарын сыйрып, «союз маалында астыңкы катмары жакшы төшөлүптүр, бир нече чакырым жерине тийбей эле койсок болот» деп тыянак берип атат. Подрядчик макул болуп, астыңкы катмарына тийбей жол салып кеткен. Бирок, кийин документтерди жанагы жер да «сыйрылып, ташылды» деп оформить этишип, миллион доллар чыгарып алып атышат. Факт жүзүндө ал ташылып чыгарылган эмес. Кийин депутаттык комиссия барып, «каякка тышыдыңар?» дегенде көрсөтүп бере алышкан жок. Азыр бул ишти УКМК текшерип атат, аягы кантип бүтөт, көрөбүз. Минтранс өзүнчө кызмат түзүп, жолдордун салынышын үстүңкү катмарын гана эмес, нөлдөн баштап көзөмөлдөшү керек деген ойдомун.

– Түндүк-түштүк альтернативалык жолун салууда чыгым өтө эле көбөйүп кеткени тууралуу ЖМКларда көп эле жазылууда. Аны текшерген бирөө-жарым болдубу?

-Текшергенде кандай… Андай жолдор көп эле жерде, мисалы, Долондо, Боом капчыгыйында салынды. Кеткен чыгымдарын салыштырсак, түндүк-түштүк жолунуку 3-4 эсе кымбат чыгууда. Баары эле «контрактка кол коюлуп калган, акча бөлүнүп, жол салынып атат» деп буйталактап качышат. Биз «миллиард долларлык ушундай жол керек беле, андан көрө темир жол салсак болбойт беле?» десек, Атамбаев бизди «эл душманы» кылган. Демек, алар ал жолдун курулушунан алынган «откаттарга» кызыкдар да. Болбосо арзаныраак бүтүрбөйт беле. Миллиард доллар кредитке айланганда пайызын кошкондон кийин укмуш көп акча болот.

Маектешкен: Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *