“Алымбек Датканын 215 жылдыгына арналган иш-чара өтпөгөнүнө аксакалдар нааразы”

Мындай пикирин 24-октябрда ЖК жыйынында депутат Марлен Маматалиев (“Республика-Ата Журт”) билдирди.

“2015-жылы өкмөттүн токтому менен мамлекеттик жана саясый ишмер Алымбек Датканын 215 жылдыгына арналган иш-чаралар өтөөрү белгиленген. Уюштуруу комитетинин бир катар протоколдору кабыл алынган,  бирок шайлоолордон улам иш-чаранын мөөнөтү аныкталбай, жылдырылып калды”, – деди ал.

Ал бул маселе боюнча өкмөт башчынын көз карашы өзгөрдүбү же башка себептер болгонуна кызыгып, 14-ноябрда өткөрүү планданып жатканын, мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара райондук деңгээлге түшүп калганын айтып, аксакалдар аябай нааразы болуп жатканын кошумчалай кетти. Анын айтымында, бул иш-чара өтүп, Алымбек Датканын кыргыз элине, мамлекеттүүлүккө кошкон салымы кеңири айтылышы керектигин да унуткан жок.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *