Аманбай Кайыпов, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү: “Биздин облус кышка толугу менен даярдыкты көрдү”

Нарын облусунун жетекчиси Аманбай мырза менен облустун түйшүгү, кышка даярдык, Кара-Кечеден өндүрүлгөн көмүр сыяктуу бир катар маселелер боюнча баарлаштык. Мындайда барбалаңдаган ачык мүнөзү менен болгонун болгондой төгүп алат. Баса, маектешим алгач губернатор болгондо, ага ишенбегендей маанайда кээ бир саясатчылар интрига жасашкан болчу. Ар кандай сөздөрдү таратышып. Бирок, иш үзгүлтүккө учураган жок, Нарындын жүгүн көтөрүүдө. Эмесе, ортодогу сүйлөшүүнү гезит окурмандары үчүн да тартуу кылайын. 

— Аманбай мырза, Жумгалдагы Кара-Кече көмүр кенинен өндүрүлгөн көмүр облустагы мекеме-ишканаларга, жалпы өрөөн тургундарына жетиштүү деңгээлде берилип жатабы? Облустун өздүк байлыгы болгон “кара алтын” жагынан Теңир-Тоо эли бул кышта каржалып калышпайбы? Баса, көмүрдүн баасы облустун өзүнүн аймагында ай-асманды чапчып, кымбат болуп жаткандыгын гезит окурмандары кулак кагыш кылып жатышат го…

— Кышка даярдык көрүү боюнча көмүр облустагы бүтүндөй бюджеттик мекеме-ишканалардын дээрлик баардыгына (бирин-экинин эске албаганда) тартылып бүттү. Тагыраагы, бул боюнча аткарылган иштер 92 пайызды түздү десем болот. Облустагы райондор боюнча алсак, Кочкор районунда гана бул жааттагы иштер 98 пайызга аткарылды. Теңир-Тоодогу жалпы мектептерди “кара алтын” менен камсыз кылуу 98 пайызды түздү. Аткарыла элек 2 пайызды да ушул аптанын аягына чейин бүткөрүү планыбызда бар. Ошону менен бюджеттик мекемелерди алдыдагы кышка карата көмүр менен камсыз кылууну толугу менен жабабыз. Ал эми жалпы облустун элин көмүр менен камсыз кылуу максатында жер-жерлерде атайын кампаларды ачуу иштери жүргүзүлүп жатат. Көмүрдүн баасы ушу тапта укмуш деңгээлде деле кымбаттап кеткен жери жок. Ар тоннасы 2300 сомдон 3500 сомго дейре облустагы райондордун алыс-жакын чакырымына жараша баалары анык болуп, сатылып жатат. Ток этери, Жумгалдан өндүрүлгөн “кара алтын” боюнча иш шыр кетип, бул жаатта кандайдыр бир маселелер жок. Бирок Кара-Кечедеги иштин жандануусу менен алдыдагы кыш мезгилине даярдыгыбыз шумдук деп айтуудан алысмын. Бизде деле кышка даярдык көрүү жагынан айрым көйгөйлөрүбүз бар. Ак-Талаа районундагы “Турук” көмүр кенинен “Сардар” ЖЧК менен “Кенч Строй” аттуу эки фирма иштечү. “Кенч Строй” фирмасы быйыл иштебей, көмүр казып жаткан жеринен катачылыктар кеткендигине байланыштуу Мамгеология кызматы алардын лицензиясын токтоткон. Бул боюнча алардын иши сотто каралууда. Экинчи “Сардар” ЖЧК аттуу көмүр казып алектенген фирма көмүр каза албай, натыйжада, Ат-Башы, Ак-Талаа эли мурункудай толук камсыз болбой жатат. Бирок, биз алакан жайып отурбастан, бул боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.

— Убагында Нарын облусунда губернатор болуп турган айтылуу генерал Өмүрбек Суваналиев Теңир-Тоодо темирдей тартипти кармап, облустун өздүк Кара-Кече көмүрү менен шарты катаал тоолуу өрөөн биринчи ирет камсыз болмоюн башка аймактарга чыгарбай, нарындыктардын кызыкчылыгын башкы орунга койчу эле. Сиз дагы ошондой кадамдарга барып жатасызбы?

— Кудайдын кулагы сүйүнсүн, соңку эки жылдан бери Нарын жергесинде көмүр казуу, бюджеттик мекеме-ишкана, жергиликтүү элди өз убагында эле камсыз болуп келе жатат. Мактанчылык эмес, убагында Кара-Кечеден жылына 250 миң тоннага чейин гана көмүр өндүрүлсө, облус башына мен келген акыркы эки жылдан тарта көмүрдү 750 миң тоннага чейин өндүргөнгө жетиштик. Муну менен облустагы өнөр жай жаатын жакшы жолго сала алдык деп ойлойм. Дагы айтам, муну төш кагып мактанчылык кылып айтып жаткан жерим жок. Тек гана сөз оңуту келип калгандыктан, сенин сурооңо жараша чыккан жооп болду. Быйыл деле кышка жеткирбей көмүр менен камсыз кылууну толугу менен бүтүрөбүз. Мамлекетибиз, элибиз бир болгон соң, мен облустун губернатору катары алакандай Кыргызстанды облус-облуска бөлгөндөн алысмын. Ал эми Кара-Кече көмүр кенинен “кара алтынды” ташып кетүүгө барган биздин облустун машинелерин ал жактагылар кезек күттүрбөй кабыл алышып, тейлеп жатышат.

— Өткөн жумада маркум, бейиши болгур ырчы, өнөргө бай диктор агаңыз Жолдубай Кайыповду эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Андагы уюштуруу иштерин өзүңүз колго алдыңызбы?

— Байкемди эскерүү кечеси Бишкек шаарында өткөрүлдү. Ага чейин облустагы маданият кызматкерлеринин демилгеси менен агамдын ырларын аткаруу боюнча райондор аралык жана облустук конкурс болуп, конкурстун жеңүүчүлөрү Токтогул Сатылганов атындагы филармониядагы эскерүү иш-чарасына катышып келишти. Албетте, эскерүү иш-чарасын туугандары чогуу өткөрдүк. Эл-журтка рахмат, агам боюнча жабыла келишип, колдоп, 30 жыл мурун көзү өтсө да элесин эскерип кетишти. Жалпысынан жакшы деңгээлде өткөрүп алдык.

— Теңир-Тоонун өрүш алган малына табияттын төрт буттуу карышкырлары аз келгенсип, “эки аяктуу адам сымалдар” да көз артып, элдин малын колдон жула качып жатышпайбы. Облустун кожоюну катары бул жагын тыкыр көзөмөлгө алсаңыз болбойбу?

— Бул боюнча бизде тынбай эле облустагы күч органдары менен иштер жүргүзүлүп жатат. Жумгал, Ат-Башы, Нарын баштаган райондордон түнү бою “желип-жортуп” жүргөн “эки аяктуу” уурулар кармалып эле жатышат. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. Өзүң айтмакчы, “эки аяктуулар” заманбапташып, оңой олжо аркылуу бөктөрө качкан малдарын машинелерге жүктөп кетип жатышкандыктан жалаң ушул мал уурулардын айынан Кочкордун чыга беришиндеги Сары-Чат участкасына көзөмөлдөөчү пункт ачып жатабыз. Профилактикалык иштерди жүргүзүү максатында. Эң башкысы, мал өзүбүздүкү. Бул жерден мал ээлери да сак болушса дээр элем. Алардын колдо турган өздөрүнүн малын кайтаруудагы көңүл кош мамиледен улам, ууруларың учурду пайдаланып жатышат да, туурабы? “Малды баксаң мал болот” дейт кеменгер кыргыз. Төрт түлүктү кароодо сагыраак болгонго үндөйт элем.

— Байке, Бишкекте коалиция куралып, өкмөт жаңыланып жатат. Кызматты сактап калуу боюнча сарсанаага алдырып, убайымга түшкөн жоксузбу? Кыргыз үчүн кресло кумары кыйын эмеспи. Өкмөт отставкага кеткени жаман түштөрдү көрүп, начар аяндарды албай элесизби?

— Каке, койсоңчу иним?! Байкеңди саясатка аралаштырбай эле койчу? Канча айтам сага? Сен айткандай ойлорду ойлогонго дагы убактым жок азыр. Мен азыр кышка даярдык көрүү, облустагы элдин түйшүгү менен алпурушуп, райондорду кыдырып чапкылап жүрөм. Кудайдын буюрганындай болот да баардык нерсе. Акыркысы болсун, иним, интрига, сасык саясатка байкеңдин ысымын аралаштырбай жүрчү, сүйлөштүкпү?..

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Булак: Азия Ньюс 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *