Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Анапия Раимбекова: “Артыкбаевдин таза иштеген инсан экенин эли — жери бүт билет”
КООМ

Анапия Раимбекова: “Артыкбаевдин таза иштеген инсан экенин эли – жери бүт билет”

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Анапия Раимбекова Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевге карата козголгон кылмыш иши тууралуу өз пикирин билдирди.

Раимбекова, Артыкбаевди эл үчүн гана иштеп келе жаткан инсан деп эсептерин айтты. “Осмонбек Артыкбаев биз абдан сыйлаган, урматтаган, Токтогул өрөөнүнөн чыккан кыйын агаларыбыздын бири. Эл үчүн иштеп, эл үчүн кызмат кылган адам. Өнүп өскөн жери да, өзү да таза инсан. Осмонбек агайдын ата-бабалары Артыкбай калпа болгондугун баса белгилеп кетким келет. Чоң атасы Артыкбай калпаны бүтүндөй Кетмен-Төбө өрөөнү эле эмес, Анжиян, Аксы аймагына чейинки эл урматтап, сыйлашчу. Артыкбай калпанын касиетинин алдында, Кудайдын кудурети менен канча адам дартына даба тапкан. Анан кантип ошондой касиеттүү калпанын небереси жаман иштерге барсын? Барбайт! Актыгын далилдейт деп ишенем!

Артыкбаев Токтогул районуна канчалаган мектептерди, көпүрөлөрдү десе көпүрө куруп берип, элде эмне муктаждык болсо бүт ошонусун аткарууга жардам берип жүргөн адам. Эл үчүн деп келе жаткан инсан. Көп маданий иш-чараларга салым кошуп, чыгармачыл адамдардын көбүнө колунан келген жардамын аябай берип келет. Баш байгеге коюп акындардын айтышын уюштурган. Чыгармачыл адамдарга ар дайым колдоо көрсөтүп келет. Айрымдар карасантайлык кылып эле Артыкбаевди каралап жатышы мүмкүн деген ойлор да бар. Артыкбаевдин таза киши экенин эли-жери бүт билет, жердештери билет.

Учурда ал ден соолугу начар болуп ооруп жатат деп уктум. Акыйкаттык болот деп ишенем”, – дейт Раимбекова.

Тогуз-Торо үчүнчү революцияны баштап береби?

Чубак Жалилов депутаттарды сотко берген жок

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары кырдаалга байланыштуу Ноокатта жүрөт