Анара Шаимкулова, шайыр жеңе: “Аяп караган да адамдар болот, тимеле мени көрөөрү менен өмүр тилеп жиберишет”

Эл шайырларынын башын бириктирип элдин черин жазып жаткан “Сармерден” долбоору ар дайым башка долборлордон айырмаланып келет. “Сармерден” тууралуу коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып да жүрөт. Өзгөчө шайыр жеңеге көпчүлүк түрдүү сындарды, пикирлерди айтып эле келе жатышат. Учурда долбоордун көркүн ачып, шаңына-шаң кошуп жаткан шайыр жеңени кепке тарттык.

– Анара эже, жакында эле жалпы өнөр адамдары биригип Аравияга барып келдиңиздер. Фестиваль кандай өттү?

– Аравияга өзүм эмгектенип жаткан “Арашан” ансамбли менен бардым. Январь айынан баштап эле тандоо жүрүп жаткан, биздин ансамбль тандоодон өтүп катышып келдик. Арабдардын өкүлдөрү Кырчында өткөн дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышып, абдан жактырып кайтышкан экен. Ошондон улам өз өлкөсүндө ушундай чоң иш-чараны өткөрүп берүүнү кыргыздардан суранышып, атайын келишим түзүлгөн экен. Кыргыздар алар ойлогон деңгээлден да бийик деңгээлде башкарып беришти. Мындайча айтканда, кыргыздар барып алардын тоюн өткөрүп беришти десек болот. Фестивалга кыргыздын бүтүндөй өнөрпоздору барышты. Жалпылап айтканда, өтө сыймыктуу иш-чара болду десем жаңылышпайм. Өз өлкөсүнөн сырткары бөтөн өлкөнүн ишеничине кирип, ушундай милдетти аткаруу – бул биздин өнөр ээлери үчүн чоң сыймык. Жалпы бизди баштап барган инсандардын эмгегин баалай кетишибиз керек. Кыргыз экенибизге
сыймыктанып, көкүрөгүбүздү көтөрүп, көчмөн эл экенибизди, улуттук баалуулуктарыбызды даңазалап келдик. Мындан сырткары, биз барган шаардан ары Мекке шаары анча алыс эмес болгондуктан, ыйык жерге барып зыярат кылуу да насип эткенине Кудайга миң мертебе ыраазы болуп кайттык. 13 гектар жерге фестиваль өтө турган шаарча курулуп, бардык шарттар түзүлүптүр. 10 жылга келишим түзүлдү деп жатышат, демек ар бир өнөр адамдарына биз барып көрүп келген жакшылыктарды көрүп келүүгө кенен мүмкүнчүлүк түзүлдү десек болот.

– “Сармерденди” кандай өткөрүп алдыңыз? Келээриңиз менен чыктыңыз окшойт…

– Жакшы өткөрүп алдык. Сиз айткандай мекенден алыс жүрүп, оюмда “Сармерден” болуп жатты. Кудайым буюрса абдан жакшы өттү.

– Шайыр жеңелерди бири-бирине салыштырып, сындай беришет эмеспи. Сындарга кандай реакция кылуудасыз?

– Салыштыруулар албетте болот. Жакшы да, кайчы да, терс да пикирин айткандар болот экен. Бул эми мыйзам ченемдүү нерсе. Сындарга көнүп деле калдым. Өтө жүрөк өйүткөн нерсе айтпагыла деп суранам. Анткени менин шайыр жеңелик милдетим оңой эмес. Эки жаркылдаган эжекебиздин жаркын элесинен кийинки кызмат мага абдан жоопкерчиликтүү. Аяп караган да адамдар болот, тимеле мени көрөөрү менен өмүр тилеп жиберишет. Сындар абдан көп айтылып эле келет. Бардык айтылгандардын жакшы жагын гана алганга аракет кылам.

– “Сармердендин” көркү шайыр жеңе. Демек сырткы келбетке, кийимге басым жасоого туура келет. Негизи түрлөп, улам чыккан сайын жаңы кийим тиктирүүгө умтуласызбы?

– Колумдан келишинче, алымдын жетишинче, капчыгыма жараша кийимдерди тиктирип кийип жатам. Негизи аябай жалтыраган, барпыраган кийимдерге табитим тартпайт. Тескерисинче кыргыздын эски, нукура салттуу кийимдерин кийгенге аракет кылып, этно стилге ыктап бара жатам.

Маектешкен: Нуркыз Рыскул кызы

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *