“Аңгектен качсаң дөңгөккө”

Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) башчысы Арстанбек Муктаров иштен кетти. Буга чейин АРИСтин ишинин натыйжасыздыгы, “Айылдарды инвестициялоо – 3” долбоорунун жетекчиликтин айынан токтоп турушу боюнча маселе көтөрүлүп, ЖКнын “Кыргызстан” фракциясы менен социалдык саясат комитеттери Арстан Муктаровдун жоопкерчилигин кароо чечимдерин чыгарган болчу. Муктаров УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин өкүл уулу экени айтылып келген. Өкүнүчтүүсү «аңгектен качсаң дөңгөккө» дегендей, Муктаровдун ордуна Ноокат районуна аким болуп, кызматындагы кемчиликтер үчүн жергиликтүү калктын нааразычылыгынан улам кызматынан алынган Бекболот Айтиев дайындалды.

Булак: “Фабула”

2 comments

  • Гульмира says:

    Жаны Эле келген кишиге убакыт бериш керек. Билип билбей эле жамандап жазыш адат болуп калды окшойт.

  • Кыргыз says:

    Ооба, дагы эле каралоо, Арстан “кара”, эми Бекболот “кара”. Деги кыргызга ким “ак”. “Келгиле баарын-баарын алмаштырып “кытай”, “америка”, “немис” …. олкосунон кадр алып келебиз”. Жок анда деле алар кар болот. Ойлон кыргыз, деги ким жагат бизге.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *