Антонина Шевченко UFCде экинчи беттешин өткөрөт

Антонина Шевченко Россиянын Санкт-Петербург шаарында өтө турган UFC уюмунун алкагында экинчи беттешин өткөрөт. Бул тууралуу ал инстаграмдагы өздүк баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, мелдеш 20-апрелде өтөт. Шевченконун атаандашы америкалык Роксанн Модаффери болот.

Эскерте кетсек, Антонина Шевченко 2018-жылы декабрь айында UFCде алгачкы беттешин өткөрүп, түштүк кореялык Жи Йон Кимди жеңип алган.

Булак:KyrgyzToday

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *