Анвар Артыков, ЖК депутаты: “Карамушкина бизди аябай уят кылып жер каратты”

—Анвар Артыкович, мародерлук маселеси кайрадан көтөрүлүп, экс-депутат Райкан Төлөгөнв камакка алынды. Канчадан бери козголуп келе жаткан маселеге эми чекит коюлабы, же бул жөн тана саясий шоулардын бириби?

—Мародерлук боюнча сөздөр канча жылдан бери жүрүп келе жатат, бул сөзсүз ачылышы керек. Мунун аягына чыгышын эл дагы чыдамсыздык менен күтүп жа­тат. Эгер айыпталып жаткандар ак болсо, ак деген соттун тыянагы чыгышы керек. Дегеним, айтылган айыптар айтылган боюнча эле бүдөмүк болуп, асылып калбашы шарт. Ал эми бул иште кимдин күнөөлүү же күнөөсүз экенин иликтөө иши, анан сот аныктайт. Менимче саясат жок.

—Негизи мародерлук болгонуна ишенесизби?

—Эч ким танбайт, революциядан кийин мародерлук болгон, аны жалпы эл билет. Ага «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрүнүн катыштыгы бар-жогу боюнча тергөө иштери жүргөн. Абдылда Юсупов деген суракка алынып, бир нече фактыларды айткан. Телефондук сүйлөшүүлөрү дагы тастыкталган. Бирок иш аягына чыккан жок.

—Неге?

—Анын себептери азыр билинди. Башынан айтсам, 2012-жылы мародерлук маселеси козголгондо парламенттик комиссия түзүлүп, иликтөөгө катар иш да­гы козголгон. Ошол маалдагы ведомство аралык комиссияга Ноорузбаев деген ИИМдин тергөө башкармалыгынын жетекчиси дайындалган эле. Көрсө ал ки­ши толугу менен Текебаевди жана анын тегерегиндегилерди жактаган киши экен. Комиссия түзүлгөн күндүн эртеси эле пресс-жыйын өткөрүп, «эч кандай фактылар тастыкталган жок, мародерлукка булардын тиешеси жок» деди. Мен ошондо айткам, бул кандай билдирүү, иликтебей туруп эле тыянак чыгара береби деп. Анан ошол багыттама менен иш жүргүзүп, булар төрт жолу депутаттарга карата козголгон иш токтотулсун деген токтомдорду чыгарыптыр. Ал токтомдор мыйзамга каршы келери кийин гана айтылды. Анткени депутаттарга иш козголбой, алар күбө катары гана өтүптүр. Ошентип биринчисинде Ноорузбаевдин күчү, Салянованын жардамы менен иш жабылып калды. Кийин билдик, ал экөө тең «Ата Мекендин» балдарына өтө жакын кишилер экен.

Андан соң жаңы жагдайлар боюнча бул иш кайра жандандырылып, Зарылбек Рысалиевге тапшырма берилген. Анын орун басары Чекиров ишти баштаганда эле аталган төрт токтом жокко чыгарылсын, булар мыйзамга каршы келет экен деп кайрылган. Бирок Салянова буга эч кандай реакция кылган эмес. Тескерисинче өздөрүнө куугунтук жасап, «мыйзамсыз иш козгодунар» деп доомат арткан. Негизи булар ишти козгогон эмес, ишти комиссиянын талабы боюнча прокуратура коз­гогон. Алар жандандырылган иш­ти гана тергеп жатышкан. Бирок ар кандай шылтоону айтып, булар тергөөнү туура эмес алып барган, басым жасаган, сатып алган деген жалган жалааларды жаап отуруп, аягында Рысалиевди кетиришип, Чекировго иш козгошту. Бул ирет Салянованын салымы чоң болуп, ишти иликтегендерге куугунтук жасаган. Чекиров аргасыздан качып кетти. Комиссиянын башка мүчөлөрүнө да куугунтук жасалып, бирөө азыр да качып жүрөт. Ошону менен иш жабылып кал­ган. Азыр биздин комиссия ушул маселени көтөрүп жатканбыз. Учурда иш ИИМден алынып, УКМКга берилди. Тергөө башталды. Менимче мародерлукту эми аягына чыгарат.

—Кесиптешиңиз Карамушкина Россияга жасаган иш сапарда жеке көйгөй менен даттанганы айтылып кетти, маселенин чоо-жайы кандай болду эле?

—Биздин эл аралык мамилени тейлеген комитет менен Госдуманын комитетинин кошмо жыйыны болду. Аябай жакшы маанайда өттү. Алардын жетекчиси Калашников буга чейин биздин өлкөгө келип кеткен. Ал киши аябай жакшы сөздөрдү айтты. Тил боюнча дагы токтолуп, Кыргызстанда орус тили абдан жакшы деңгээлде экенин, башка мамлекеттерге караганда эч бир көйгөй жоктугун, коомчулукта да, мамлекетте да каршылык жаратпаганын белгиледи. Негизинен жакшы болду. Анан жыйындын аягында Карамушкина сөз сүйлөп, орус тилин өнүктүрүү боюнча жардам бергиле, волонтер жөнөткүлө деген сөздөрүн айтып, ага улай «биздеги мамлекеттик кызматкерлер жыйналып алып намазга барат, иштебейт, мечиттер гана курулууда, башка нерсе жок, мен ошол маселени көтөрсөм шовинист, Кремлдин шпиону деп айтат» дегендей сөздөр менен бизди аябай уят кылды. Жер тиктеп калдык бардыгыбыз. 120 депутаттын намысына тийип, бардыгы официалдуу тилге каршы, диний маселеде үн катпайт дегендей маанайды жаратты. Бул маселелерде силер жардам бергиле дегендей маанидеги сөздү сүйлөдү. Мен ошол маалда көз чаптырып отурдум, биз эле эмес, орустардын комиссия мүчөлөрү деле абдан ыңгайсыз абалда калышты. Бирок бирөө да ооз ачкан жок. Жалгыз гана К.Иманалиев: «Жеке таарынычтарды мындай жерде көтөргөн туура эмес, андай маселени тар чөйрөдө сүйлөшкөнүбүз жакшы болот»,- деди.

Андан чыгып өзүбүздүн кабинетке киргенде мен сыртта тамеки чегип кармалып, бир аз убакыттан кийин аркасынан кирсем «разборка» болуп жатыптыр, катуу сөздөр да айтылып кеткен окшойт, кырдаал курч экен. Анан мен да аксакал катары: «Улуттук, каада-салт, дин маселесинде этият болуңуз. Экинчиден, биз бул жерге жардам сураганы келген жокпуз,- дедим. – Кыргызстанда биз ар кандай партиянын, ар кандай көз караштын, оппозициянын же позициянын кишилери болушубуз мүмкүн, бирок чет өлкөгө барганда биз бир гана статуста жүрүшүбүз керек, Кыргызстандын жараны катары намыс талашсак. Өлкөбүзгө шек келе турган сөздөрдү айпасак»,- деген сөздөрдү айттым. Иш бар жерде мындай талаштар болот, аны коомго чыгарбай оңдоп кетсе болот. Бирок ал киши ошол күнү маек берип салыптыр, «мен жалгызмын, аягына чейин күрөшөм» дептир. Ким менен күрөшөрүн мен түшүнгөн жокмун. Менимче бул киши адашып жатат. Мисалы, жума намаз ар кимдин укугу. Бул маселени орустар келип чечип бербейт. Алар жуманы окугула же окубагыла дей албайт. Не­гизи, биз чет жерде кылдат болу­шубуз зарыл. Сыртка чыгып Кыр­гызстан радикалдашып баратканын, ислам мамлекеттик сфераны каптаганын, бир диндин таасири астында калганын билдирүү туура эмес деп эсептейм.

Булак: “Де-Факто”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *