Анжелика Кайратова, ырчы: «Сүйүктүүм колумду сурады. Ал мага гүл берген адам эмес. Анын баш тамгасын Инстаграмга чыгарып баштагам»

Ырчы Анжелика Кайратова кайрадан көңүл борборуна чыгып, социалдык тармактарда кызуу талкууланууда. Ал кечээ, 1-ноябрда “Кызганба” жана “Курбум” аттуу клиптеринин бет ачарын өткөргөн. Анда ал сүйүктүүсү колун сураганын, ал шок болчудай нерселерди жасап жатканын  жар салган. Бирок, ал ким экенин айткан эмес, ошондон улам ар ким ар кимди ага жармаштырып жазып жатышат.
Мени колдогон инсан керек деп акыркы интервьюларымда айттым эле, кызматташа турган инсанды таптым. Бирок, ал мага гүл берген адам эмес. Анын баш тамгасын Инстаграмга чыгарып баштагам. Жакынкы менин досторумдун тойлоруна келем деп болбой жатат. Балким келип калат. Ал мен шок болчудай нерселерди жасап жатат. Колумду сурады, бирок, мен  макулдугумду бербей, «ойлоном» деп койдум. «Канат болуп, тоо болуп берем» дегенине бир эле жума болду. Бир башкача болуп, андай сезимдер келгенде суу иче албай калат экенсиң. Ошол инсандын мага болгон колдоосу, мага болгон ишеними мени бактылуу бир сезимдерге жетелеп жатат». –дейт сүйүүгө «мас» болуп турган ырчы.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *