Аппетити арстан, алкымы чоң паракор

Каракол шаарындагы архитектурада иштеген чиновник жер тилкесин документтештирип берүү үчүн парага автонунаа алган. Каржы кызматынан билдиришкендей Б.М. аттуу аял аларга кайрылып, Каракол шаардык архитектурасынын бөлүм башчысына чара көрүүнү суранган. Арыздануучунун айтымында, шектүү жер тилкесин документтештирүү үчүн андан “ВАЗ” унаасын алган. Бирок же убадасын аткарбай, же унааны кайтарбай койгон.

4-сентябрда сотко чейинки өндүрүш алкагында архитектурадагы чиновник чынында эле пара катары автоунааны алганы аныкталды. Учурда бул факты боюнча сотко чейинки териштирүү уланууда.

Булак: «Факты.kg»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *